super.kg logo

"Сакалымды кыра берип тажаганда жайына койдум" деген аял турмушка чыкты

 

Британиянын ITV телеканалына америкалык сакалчан аял келип, өзүнүн жашоосу тууралуу айтып берди.

Ал телеканалдагы берүүнүн алпаруучусуна "мени кичинекей аюу Шварц деп атагыла" деп сөзүн баштаган. Анын айтымында, көкүрөгүнө жана ээгине түк чыга берген азап менен 14 жашынан бери алышып келет. Мындай жагымсыз өзгөчөлүгүн башкалар билбеши үчүн төшүн жана ээгин күнүгө устара менен кырып келген.

31 жашында Шварц Сиэтлге көчүп келген дагы, сакалын кырбай коё берип койгон. Бул анын жашоосун оорлоткон: "Мени баары жалдырап карашат, көрүнөө эле каткырып, шылдыңдап өтүшөт. Акырын сүрөткө тартып алгандар да болот. Мунун баары мага абдан жагымсыз", - дейт ал. Мындай оорчулуктарга карабай, Шварц сакалын жашырбай өстүрүп келет. Ал тургай сакалчан аялдар арасындагы сынактын да жеңүүчүсү болгон.

"Менин сакалым эркектер менен мамиле түзүүмө тоскоолдук деле жаратпайт. Бирок узак убакытка чейин үй-бүлө куруп, бирге жашаганга мамиле түзүү үчүн түгөй табуу оор болду. Ким эле жанында бул менин аялым деп сакалчан аялды ээрчитип жүргүсү келсин?!" - деп Шварц өзүнүн абалын түшүндүргөн.

Шварц жаңы таанышууларды башынан өткөрүп, бирок үй-бүлө куруу үчүн түгөй таппай, жарым жыл жүргөндөн кийин социалдык тармактардын бириндеги баракчасына билдирүү жазган. Билдирүүсүнө Тобиас Брэдик аттуу 45 жаштагы адам көңүл бурган. Анын дагы сакалы бар, бирок кара эмес, саргыч сакал. Шварц анын сунушун кабыл алып, турмушка чыгууга макул болгон. Алар үлпөт тоюн өткөрүшүп, учурда бир үй-бүлө болуп жашап жатканын айтып беришкен.






Британияда сакалчан аял өзүнө сакалчан түгөй тапты

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
30.05.2019. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мурдундагы шакегин тек эле койбоптур да.
31.05.2019. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакалына караганда мурдундагы шакеги жиркеничтуу экен.
31.05.2019. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
satiev87,менда сакалын корбой эле шакегин кордум го биринчи букага тагылган шакекке окшоп
31.05.2019. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийинчерээк аксакал эже болот да ээ
31.05.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аз келгенине,саз кылып мупдуна шакекти,кокурокторуно суротторду тартырып алыптырго.
Мурдунда шакекеги бар адамдарды корсом эле жийркенип,шакекчеси бир жерге илинип мурду жырылбай бекен дей беремин.
31.05.2019. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кулбогуло. Озунорго сакал чыгып калбасын
31.05.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
katerina.li,ошону айтсаң.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: