super.kg logo

"80ден ашык адам "Ош базарындагы" авиакассадан алдандык. Арабызда Грузиядан Бишкекке келе албай жаткандар бар" деп кайрылышты жабырлануучулар

 

"Ош базарынын" Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан авиакассадан билет сатып алып алданып калдык" деген 7 жаран SUPER.KG порталына кайрылды.

Алар алдангандардын саны 80ден ашык экенин кабарлашты. Жабырлануучулардын көбү билетти Орусия өлкөсүнүн ар кайсы шаарларына жана Грузиядагы жарандардын да алышканын билдиришти. Алар билетти өзүн Компас.кж деп атаган авиакассадагы Аида, Алишер деген сатуучулардан сатып алышкан.

Алданып калгандардын бири Эрнист Осмоналиев Сахалинге эки кызы менен баруу үчүн 70 миң сомго билет сатып алган.

"Мен арзаныраак болсун деп ошол авиакассага баргам. 3 билетти 70 миң сомго 27-апрель күнү алдым. Ал эми эки кызым менен 26-майда учуп кетмекмин. Бирок аэропортко барсак эле каттоодон өткөн жерден биздин билет тизмеден чыкпай койду. Ошентип эки кызым менен кете албай калдым", - дейт жабырлануучу Осмоналиев.

Дагы бир жабырлануучу Базарбай Бердибаев билетти жубайына алган. Ал алданып калам деп такыр ойлобогонун айтты. "21-майда Чүй-Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан авиакассадан жубайыма эки билет алгам. Ал Москва шаарына жетип, андан ары Сочиге бармак. Биз дагы аэропортко барганда билетибиздин жараксыз экенин билдик. Кызматкерлер "кайсы кассадан алсаңар, ошол жакка барып маселеңерди чечип алгыла" деп коюшту. Эртеси билет саткан кассага барсак, сыртын кара кулпу кайтарып турат. Жанында дагы алданып калгандар бар экен. Анан ал жактагы адамдар чогулуп WhatsApp`тан топ ачып сүйлөшө баштадык. 26-майда Ленин РИИБине арыз жаздык. Негизи буга чейин деле "Ош базарынын" тегерегинен билет сатып алып жүргөнбүз. Бул ирет кандайча алданып калдык түшүнбөй калдым. Жубайым Орусияда иштегендиктен сөйкө-шакегин сатып, билет алып учуп кетти", - дейт Бердибаев.

Зарылкан Молдогазиева дагы алдангандардын катарына кирет. Билетти арзан-кымбатына карабай эле сатып алган. Ал алдангандардын саны башында 70ке жеткенин, азыр дагы кошулуп жатканын билдирди. "Бизге окшоп башка дагы адамдар алданып калбасын деп атайын кайрылып жатабыз. Балким, арабызда уча турган күнү келе элек, бирок алдангандар болушу мүмкүн. Биз баарыбыз билетти Алишер, Аида деген эки адамдан алганбыз. Алар кошуна жайларда сатышчу".

Редакцияга келип кайрылган жабырлануучулардын айрымдарынын билеттеринде мөөр басылган. Андан "тариф, эрежелер жана шарттар менен таанышып чыктым жана макулмун. Доо-арызым жок. Жарандык документтер үчүн кассир жоопкерчилик албайт" деген жазууну окудук. Ал эми кээ бир билеттерде мөөр жок болуп чыкты. Ошондой эле билеттерге каттоо номери калем менен эле жазылганын көрө алдык. Айрым жабырлануучулар билеттин номерин текшертип көрүшкөндө тийиштүү кызматтар туура эмес экенин тастыктап беришкен.

Бермет Раимбекованын байкеси алдап кетти деген адамдардан эки жылдан бери билет сатып алып жүргөн. Бул жолу ал карындашына жана Грузиядан келе турган 4 досуна ушул авиакассадан билет алууну сунуштаган. "Эжем 4 жаштагы баласын таштап Москва шаарына кетип жаткан. Билетти байкем "тааныш" деп ушул жерден алдырткан. Биринчи Аиданын берген билетин көрүп таң калдык. Барак абдан эски болгондуктан шек жаратты. Эжем экөөбүз күмөн санап эжеден жакшылап сурадык. Ал башкысы аэропорттогу базадан чыксаңар болду деп ишендирди. Ошентип биз дагы алдандык. Ал эми байкемдин 4 досу Грузиядан Бишкекке келе албай убара болушууда. Алар ар бир билетти 250 доллардан сатып алган экен. Орто жолдо байкем күйүп жатат. Мен бул окуялардан кийин Аиданын апасына байланышка чыксам, "кызым 26-майда үйгө келип түнөгөн, андан бери дайыны жок" деп айтты. Ал эми Алишердин апасына телефон чалсам, ал дагы билбейм деп жооп берди", - деди Бермет.

Бишкек ШИИББи бул факты боюнча 12 арыз Ленин РИИБине келип түшкөнүн тастыкташты. "Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берене "алдамчылык" менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тийиштүү иштер жүрүүдө", - деди шаардык милициядан.

Ошондой эле SUPER.KG порталы экинчи тарап болгон Аида жана Алишер аттуу жарандар менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Мындан улам алардын апаларына чалдык.

Алишердин апасы болом деген айым "баламдын кайда экенин билбейм" деп буларды айтып берди.

"Мага дагы билети жараксыз болгон адамдар байланышып жатышат. Бирок мен баламдын кайда экенин билбейм. Бир жума мурун уулумду издеп жатып Аида деген кыз экөөнү тапкам. Келип сүйлөшүп алып кетишкен. Ошондон бери дайыны жок. Мен дагы эшикти карап күтүп жатам. Эгер баламдан кабар болсо, өзүм укук коргоо органдарына кабарламакмын. Уулумдун деле авиакассага иштеп калганына аз эле болгон. Ал өзү башка өлкөдө иштеп жүрчү. Акыркы жолу үйгө көп келбей калгандыктан эмне болду деп сурасам, компанияда кичине маселелер чыгып калды деген эле", - деди ал.

Ал эми Аида аттуу кыздын апасына байланышканыбызда телефонду эжеси алып "Сүйлөшө албайм, Аидадан дайын жок. Апасынын кан басымы көтөрүлүп, ооруп жатат" деп телефонду өчүрүп салды.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын (ред: Алишер, Аида) оюн укканга да даяр.






"Авиабилет алабыз деп 80дей адам алдандык" дейт жабырлануучулар

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
30.05.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билет алаарда гуглга рейсин жазсанар чыгыш керек. бирок бир билетти 2 адамга дагы сатышы мумкун
30.05.2019. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билеттер туура жана так эле толтурулган экен! Баары компаниялардын фирменный баракчасына чыгыптыр! Силер айтып аткан печаттын эч кереги жок! Ал доом жок, возврат жок деген эле печать! Мен озум бир жылдан ашык убактан бери Авиа билет сатамын! Же сатылган билеттердин акчасын возврат кылып кайтарып алышкан же фаршивка маршрутный квитанция жасап колдоруна карматышкан. Баары эми тергоодо аныкталат да эми! Бишкекте канчалаган фирмалардын официалдуу офицтери иштейт ошолордон албайсынарбы билетти
30.05.2019. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
taalay25, "Фаршивка" бы же "Фальшивка" бы туурасы?
30.05.2019. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wold,сиздики туура сори
31.05.2019. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Wold,кыргызчасы фаршивка) кифтанция дегендей эле)
02.06.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
CuMBoJI,кыргыздардын баары эле фаршивый деп суйлошот го
30.05.2019. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кандай жол менен болсо дагы эптеп эле акча тапсак дейт баары эле,айрыкча ош базар жактагылар,тел.саткандар 90 пайызы уктатат,акча алмаштырган жака барса коз коруно алдаса,эми авиакасса,Ош базарды иретке келтирип алдамчылар менен курошчу адам чыкпады го.
30.05.2019. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билет алганда номер билет деген жери болот ошону интернеттен кайсы компания болсо ошого кирип номер билет жазса чыгат оригинал же алдап койгонун
30.05.2019. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аидадан мен да алган элем Жакшы эле учуп кетим Москвага арзан белеттерди ушулар сатчк
31.05.2019. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э заман онуккон учур. Интернеттен сатып алса болбойбу?
31.05.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
newman,интернеттин да оппасный
31.05.2019. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алишер мурда чет өлкөдө иштеген болсо, Аида экөө мурда сүйлөшүп даярданса керек. Кийинки жаңылыктарда чыгат, экөө Кыргызстандан чыгып кетиптир деп, күтө туралы.
31.05.2019. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Билеттин номери толук жазылбаптыр
31.05.2019. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида дайыма чуу менен жүрөт өзү кышында эсиңерде болсо керек бир автобуз кишилерди алдап казакстанга таштап койгон аял
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: