Оштогу "Токтогул" сейил багынын жаңы жасалган тепкичин белгисиз жаран унаасы менен талкалап кетти. Шектүү кармалды
Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил бактын жаңы оңдоп-түзөөдөн өткөн тепкичтери талкаланды. Аны белгисиз жаран тепкич аркылуу унаасын айдап түшүп талкалаган. Мындай маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы таратты. Маалыматта белгилүү болгондой, унаа тепкич аркылуу түшүп баратканы видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Басма сөз кызматынын өкүлү бул тартипсиздикке шектелген адам жазасын ала электигин айтты.
Талкалангандан кийин тепкич ушундай абалга келген
Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыковго байланышып, коомдук тартипти бузган жаран тууралуу буларды билдик.
"Окуя 9-июндан 10-июнга караган түнү болгон. Белгисиз жаран унаасы менен тепкичтер аркылуу түшүп, аны талкалап салган. Бул тартипсиздикке шектелип, бүгүн, 11-июнь күнү эртең менен унаанын айдоочусу кармалган. Ал 1998-жылы туулган Б.К. аттуу жаран экени аныкталды. Ал кылган ишин моюнуна алды. Алгачкы көрсөтмөсүндө Б.К. ылдый жакта жайгашкан жаштар сейил багына жол таппай калып, бурулушка бурулганда тепкич аркылуу ылдый түшүп кеткен. Күү менен келип, ортодогу түздүккө туруп калып, аягына чейин түшүүгө аргасыз болгонун айтты. Учурда чыгымдар эсептелүүдө. Кармалган адам ошого жараша тарттырган зыянды төлөп берерин айтты", - деп билдирди Сыдыков. Кармалган адам такси кызматын көрсөтүп иштери белгилүү болду.
Ошто сейил бактын тепкичин унаасы менен талкалаган адам кармалды







1 |