super.kg logo

Башкы прокурор: "Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган" (хронология)

 

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы жер тилкесин мыйзамсыз алган. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, "Дастан" ишканасынын айрым кызматкерлери бул жер тилкесин сатып алууда көмөк көрсөтүшкөн. "Бул иш учурда Аскер прокуратурасынын тергөөсүндө. Жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин далилдеген бир нече факт бар. Алар "Коррупция" беренеси боюнча өзгөчө оор кылмыштын курамына кирет", - деди Жамшитов.

2016-жылы 16-сентябрда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин Аламүдүндөгү Кой-Таш айылына салып жаткан үйүнүн жер тилкеси боюнча маселе талкууланган. Жыйында фракция лидери болгон Өмүрбек Текебаев жердин аянты 2,7 гектар жер экенин белгилеген.

Мамлекеттик каттоо кызматынын ошол кездеги жетекчиси Тайырбек Сарпашев бул жер Атамбаевге кайсы учурда жана канча миллионго сатылганын айткан. Ал фракция жыйынында 2,7 гектар жерди сатуу, сатып алуунун төмөнкү хронологиясы менен депутаттарды тааныштырган.

  • 1999-жылдын 27-июлунда "Дастан" мамлекеттик ишканасына 2,7 гектар жер берилген.
  • 2002-жылдын 9-декабрында бул жер Аламүдүн районунун кадастрында катталган.
  • 2004-жылдын 12-декабрында "Дастан" ишканасы 0,3 гектар жер тилкесин Султан Табалдиев аттуу жаранга 3 миң сомго саткан.
  • 2008-жылы 21-ноябрда Султан Табалдиев 0,3 гектар жерин Каныбек Табалдиев аттуу баласына өткөрүп берген.
  • 2008-жылы 24-декабрда "Дастан" мамлекеттик ишканасы "Артстрой-Дизайн" жоопкерчилиги чектелген коомуна 26 миллион cомго саткан.
  • 2010-жылдын 20-майында "сатып алган тарап акчаны төлөгөн эмес" деген негизде соттун чечими менен жер “Дастанга” кайтарылган.
  • 2012-жылдын 4-апрелинде Каныбек Табалдиевден Анарбек Укуев аттуу жаран 2 миллион 333 миң сомго бул 0,3 гектар жерин сатып алган.
  • 2012-жылы 11-апрелде Анарбек Укуев 2,4 гектар жерди "Дастан" ишканасынан 22 миллион 537 900 сомго сатып алган. Ошентип Укуев 2,7 гектар жерге ээ болгон.
  • 2015-жылы 19-мартта Укуевден 2,4 гектар жерди Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун жубайы Айнура Ибраимова 24 миллион сомго сатып алган.
  • 2015-жылдын 7-майында Ибраимова Укуевден калган 0,3 гектар жерин 2,5 миллион сомго сатып алып, бириктирип, бир Кызыл китеп алат. Ошентип Ибраимова 2,7 гектар жерин толугу менен сатып алган болот.
  • 2015-жылы 12-майда Ибраимова жерди президент Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго саткан.





Башкы прокурор Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү тууралуу эмне дейт?

Автор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.06.2019. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх соке ушундай ойун бар экен башында эле озунчо болуп президенттик шайлоого келишин керек болчу бироонун арты менен келип кайра сени колдоп коштоп келген адамга анын жанында досум деп жургон досуна кылмыш ишин козгоп бул нерсе адамдык эркекчилик сапатка туура келбейт
27.06.2019. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jango,Сокени Атамбаев танк менен сүйрөтүп келгенин бир аз болсо да эске алыш керек болчу, бул сөз менен Атамбаев ак деп айтпайм. Кыскасы Соке президент болгону коррупция менен эмес Атамбаев менен күрөшүп келе жатат. Элди унутуп койгон.
27.06.2019. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соке Кидалшик ХХХХХХх экен!!!Аша сатып алды Ибраимовдон акчага Аша причём тогда? Кайсы коррупция? Же азыр акчага жер сатып алсан Жеенбековторго жакбасан коррупция болуп калабы?
Модератор admin_media түзөттү 2019-06-28 11:58:06
27.06.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Неге Сооронбай Шариповичтин жамандагандарды гана чыгарасынар Атамбаевтин былыгын чыгарбайсынар
28.06.2019. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tilek121277, былыгы болсо чыгарабы, же болбосо чыгарабы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: