super.kg logo
  Саясат  

"Азиз Батукаев көрсөтмө берди" дейт башкы прокурор

 

Кримтөбөл Азиз Батукаев кандай жол менен бошотулганы боюнча көрсөтмө берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште “Экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору окулуп жатканда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.

Анын айтымында, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча УКМКнын мурунку башчысынын берген көрсөтмөсүнө ылайык, Атамбаев түздөн-түз кийлигишкен.

"Анын аракеттеринде 319-берененин 2-бөлүгүндөгү ("Коррупция") көрсөтүлгөн белгилер байкалат. Сөзүм кур болбош үчүн колумда Азиз Батукаевдин берген көрсөтмөсүнүн көчүрмөсү турат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аны ачыктоого болбойт", - деди Жамшитов.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.






"Батукаевди камактан бошотууга Атамбаев кийлигишкен" дейт башкы прокурор

Автор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: