super.kg logo

Сузакта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 11 жашар баланын сөөгү жерге берилди

 

Жалал-Абад облусундагы Cузак районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 11 жаштагы баланын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Абсаттар Сыргабаев билдирди.

Белгилүү болгондой, маркумду жерге берүү зыйнаты бүгүн, 9-июлда саат 11де болду. "Окуяны милиция кызматкерлери иликтеп жатышат. Эл катары жашаган үй-бүлөнүн баласы эле. Атасы такси айдап иштесе, апасы бала бакчада эмгектенчү", - деди ал.

Cузак районунун Каңды айылында 8-июлда 11 жашар баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү маалым болгон. Маркумдун денеси өз үйүнүн кире беришинен колу-буту скотч менен байланган абалда табылган. Денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, тергөө үчүн сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Жалал-Абад ОИИБинен кылмыш болгон учурда үйдө ата-энеси болгон эместигин айтышты. Маркум бала жана анын эжеси болгон. Мындан сырткары үйдөн "сенден балаң аркылуу өч алдым" деген жазуу бар кат табылганын билдиришкен.






Сузакта 11 жашар баланы өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
09.07.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба кылдым кудай сактасын! Балада эмне куноо, адамдардын пейили бузулду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: