Бишкекте 6 унааны сүзүп алган автобус айдоочусу күйүттөн ичип алганы айтылды
Бишкекте 6 унааны сүзүп алган автобустун айдоочусу ал күнү күйүттөн улам ичип алган болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын 2-автобазасынын башкы инженери Бакыт Табалдиев "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты.
Анын айтымында, автобус айдоочусу ошол күнү эртең менен наркологиялык текшерүүдөн өткөн. Ал каттамга чыкканда ооруканадагы атасы комага түшүп калганы тууралуу кабар алган.
"Атаң комага түшүп калды" деп чалышканда, ал бригадирине маалымат берет. Анан "автобусту автобазага токтотуп коюп, иштериңди бүтүрө бер" деген буйрук алат. Анан айдоочу автобусту акыркы аялдаманын жанындагы оор жүк ташуучу унаалардын арасына токтотуп, GPS өчүрүп коёт. Ооруканага барганда дарыгерлер суук кабар айтышкан. Ошондо ал күйүткө баткандыктанбы, айтор, спирт ичимдигин ичип алган. Анан автобусту автобаза жеткирүү үчүн айдап келе жатканда жол кырсыгына кабылган. Учурда атасы каза болуп калды. Териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгат",- деди Табалдиев.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















