super.kg logo

Популярдуу болуп жаткан FaceApp сервиси 10 күндүн ичинде 1 миллион доллар каражат тапты

 

Интернет колдонуучулары арасында популярдуу болуп жаткан FaceApp сервиси 10 күн ичинде 1 миллион доллар киреше тапты. Каражаттын көпчүлүк бөлүгү, тагыраагы, 746 миң доллар Apple корпорациясынын телефонун колдонуучулары тарабынан топтолгон.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, аталган сервис колдонууга берилгенден кийин жалпысынан 11 миллион 600 миң доллар киреше тапкан. Ошондой эле FaceApp 73 миллион 200 миң ирет көчүрүлгөн.

Популярдуу болуп жаткан тиркеме 2017-жылы Яндекс интернет порталынын кызматкери Ярослав Гончаров тарабынан иштелип чыккан. Тиркемеде адамдардын жүзүн картайтып коюудан тышкары жылмаюу кошуучу функция бар. Ошондой эле эркекти аялга, аялды эркекке айландырып коюуга мүмкүн.

Узап бара жаткан аптада FaceApp эң популярдуу тиркемелердин катарына кирген.

Буга чейин АКШлык саясатчы, сенатор Чак Шумер Федералдык иликтөө бюросуна кайрылып, аталган тиркемени текшерүүнү суранган. Ал популярдуу болуп жаткан сервис колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогултушу мүмкүн деп билдирген. Ал эми сервисти иштеп чыккандар серверге колдонуучу тандаган сүрөт эле келерин, 48 сааттын ичинде сүрөттөр өчүрүлүп турарын маалымдашкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.07.2019. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз го
21.07.2019. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ана Арсен челестьтен башка адамдар жок беле тфу тфу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: