Элмурза Сатыбалдиев: "Волейболчулардын жетишкендигинен кийин сөзсүз саясатка кайтам"
Кыргыз Республикасынын улуттук волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев саясатка сөзсүз кайтып келерин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-августта «SUPER MEDIA» пресс-борборунда чемпион болушкан кыргыз волейболчуларынын маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Волейболчулардын ушундай жетишкендигинен кийин саясатка сөзсүз кайтып барам. Менин саясатка кайтып барганга акым жокпу? Биринчиден мамлекеттин алдында, кыргыз элинин алдында чоң кызматты аркалап жүрүп, ошол кызматка байланышкан туура эмес көрүнүштөр болуп кеткен болсо жоопкерчилик ала алдым. Эч жерден тайманбай айттым, мамлекеттин стабилдүүлүгү керек болсо мен жооп берем дедим. Күнөөлүмүнбү, күнөөлүү эмесминби ал башка сөз.
Эми саясатка аралашпайм десем уят. Менин аркамда ушундай балдар турат.
Жогорку Кеңешке барганга даярмын жана каалоом дагы бар", - деди ал.
Элмурза Сатыбалдиев 2007-2009-жылдары башкы прокурор болуп иштеген.
2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси болуп иштеген.
2014-жылдын 25-июлдагы Апрель окуясы боюнча соттук отурумда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун чечими менен Элмурза Сатыбалдиев 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган. Бишкек шаардык соту 2 жылдан кийин ишти кайрадан карап чыгып, 2016-жылы актаган.
2009-жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясынын президенти.
Чемпион волейболчулар маалымат жыйын беришти





1 |