super.kg logo
  Саясат  

"Соттун мыйзамсыздыгынын курмандыгы болгон адам катары Атамбаевдин үстүнөн жүрүп жаткан тергөө, сот адилеттүү, ачык болушун каалайм" дейт Текебаев

 

Үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаевдин журналисттер менен болгон жолугушуусунда ага алдыдагы пландары кандай болот деген суроо узатылды.

"Сот мени актаган жок, иш кайра кароого жөнөтүлдү. Ошондуктан биздин алдыдагы аракеттерибиз соттун процессине бурулат. Соттун биринчи отуруму 12-сентябрга дайындалды. Бүгүн жаңы күбөлөр пайда болду. Атамбаев бийликте кезинде көрсөтмө берүүдөн чочулап жүргөн мамлекеттик кызматкерлер жаңы жагдайлар боюнча көрсөтмө бере башташты.

Демек, биз жана жактоочулар жаңы күбөлөрдүн жаңы далилдери менен сот отурумдарына даярданабыз. Бул аракеттер өзүбүздү актоо үчүн гана эмес, мурунку бийликтин өзүм билемдик менен чектен ашкан мыйзамсыз аракеттерин көрсөтүп берүү үчүн болот. Бирок Медеткан Шеримкулов айткандай, бул өч алуу болбошу керек. Атамбаев жана анын айланасындагылар эгер мыйзам бузган болсо, өлкөгө зыян келтирсе мыйзам чегинде жооп бериши керек.

Соттун зомбулугунун, мыйзамсыздыгынын курмандыгы болгон адам катары Атамбаевдин үстүнөн жүрүп жаткан тергөө да, сот да эл алдында адилеттүү, айкын, ачык болушун каалайм. Биринчи кезекте элди ынандыруу керек.

Интервьюларымдын биринде айткан элем, Атамбаевге капа болуп, ага жамандык тилегенге менде негиз бар. Бирок анын "саясий туткун" деген статус алышын мен каалабайт элем. Тергөө анын күнөөлөрүн так аныкташ керек, сот элди ынандырып чечим чыгарыш керек.

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы мамилени дагы айтпасам болбойт, көп адамдар ал экөөнүн ортосундагы мамилени жеке адамдардын, бийлик талаш үчүн болгон конфликт деп айтып жүрүшөт. Кандайдыр бир мааниде ошондой көрүнүшү мүмкүн. Чындыгына келгенде бул бийлик мурунку бийликтин жүзүн ачып жатат. Кийинки бийлик кандай неселерди жасабашы керектигин, президент деле мыйзам бузса эртеби, кечпи кармалат дегенди коңшу өлкөлөргө да көрсөтүп жатат", - деди ал.






2 жыл 7 ай камалган Текебаев Жээнбеков жана Атамбаев жөнүндө эмне дейт?

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Баатырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: