super.kg logo

Депутат Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Жогорку Кеңештин жыйынына келбегенин сынга алды

 

Депутат Исхак Масалиев Профсоюздар федерациясынын жетекчиси жыйынга келбегенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Профсоюздар федерациясынын жетекчиси эмнеге жыйынга келген жок? Аман-эсенби? Ал силер келтирген каршы пикирге макулбу?", - деп сурады депутат.

Профсоюздар федерациясынын жетекчисинин орун басары Рысгүл Бабаева жетекчи жумуш ордунда экенин айтып, ал анын ордуна келгенин билдирди. Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү жетекчинин позициясы боюнча жооп бере алышпай турганын белгилешти.

Жогорку Кеӊеште профсоюздун укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатат. Профсоюз федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы. Алардын пикиринде, учурдун талабына жооп берген жаӊы мыйзам керек, бирок депутаттар тобу тарабынан сунушталып жаткан өӊүттөгүдөй мыйзам эмес, профсоюздун ишин калыс карап, толук камтый турган бирдиктүү ченемдик укук актысы керек.

Ал эми депутаттар профсоюзда, анын борбордук бирикмесинде башаламандык өкүм сүрүп, жетекчилери өз билгенин жасап калгандыктан, анын көп мүлкү мыйзамсыз сатылып кеткенин, азыр дагы четинен сатылып жатканын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.10.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Профсоюздардын тымызын алган айлыктарын уктук тобо чачын тик турат. Президент да мынча айлык албайт уяты жоктор. 28жылда кыргызстандын мулкторун каалагандай сатышыптыр намысы жоктор. Кыргыстанга бир тыйын пайдасы жок немер турбайбы. Колдон келсе туп тамыры менен жоюп салуу керек бул мите курттарды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: