super.kg logo

Жеңиш Молдокматов: "Мамлекеттик башкаруудагы жаңылануу - дүйнөлүк процесс"

 

SUPER.KG порталы жаш саясатчы, "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов менен маектешип, өлкөдөгү саясий кырдаал, башкаруу системиндеги кемчиликтер жана башка маселелердин алкагында пикирин укту. Адегенде Молдокматовго "Коомчулуктун саясатка жаңы жүздөр келсин, эскилер кетсин деген пикирине кандай жооп берет элеңиз?" деген суроону узаттык.

"Эскилерден эмес, элдин тамагын кошо талашып жеген аткаминерлер көбөйдү, ошолордон эл тажады. Бул жалгыз эле Кыргызстанда эмес, дүйнөгө көз чаптырсак дүйнөдө ушундай тенденция бар. Айрым мамлекеттерде эски ыкма менен башкаруудан, элдин мүдөөсүн аткарбай өз кызыкчылыгын көздөгөндөрдөн тажап жаңы адамдарга добуш бере башташты. Бизде да ушул нерсе бар", - деди ал.

- Жеңиш Өмүргазиевич, Кыргызстанда качан жаңылануу болот деп ойлойсуз?

- Мамлекеттик башкарууга жаңы адамдар келгенде. Жаңы көз караш менен креативдүү ойлонгон, дүйнөлүк процесстерге катышып жүргөн, ой-чабыты кенен, жаңыча ойлоно алган адамдар келгенде гана чоң, алгылыктуу реформалар болот деп ишенем. Өлкөнүн өнүгүшүнө дагы эмне жетпей жатат десеңиз, бул кадр. Кандай гана башкаруу системи болбосун адистер туура коюлганда гана өнүгүү болот.

Жеңиш Молдокматов мектепти аяктап, Венгриядагы ачык коом институтунан “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты боюнча билим алган. Андан тышкары, Нарын мамлекеттик университетинин “Экономика жана мамлекеттик башкаруу” бөлүмүн аяктаган. Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багыты боюнча квалификацияны жогорулатуу боюнча курсту бүтүргөн. 2007-2008-жылдары Испаниядагы Сантьяго-де-Компостела университетинин эл аралык бөлүмүндөгү долбоордун Орто Азиядагы координатору болуп иштеген. Мындан улам кыргыз, орус тилдеринен тышкары англис, испан тилдеринде да сүйлөйт. Ушул тапта түрк тилин үйрөнүп жаткан чагы. Чет тилдеринин саясаттагы орду тууралуу айтып жатып, ал мамлекеттик башкаруу системинде иштеген ар бир кызматкер чет тилдерин милдеттүү түрдө билиши керек деген оюн айтты.

Көп өмүрүн саясатта өткөрүп келе жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Молдокматовдун саясаттагы келечеги тууралуу буларга токтолду:

“Башкалардан айырмаланып, ал саясатчы катары тез калыптанды. Көп саясатчылар алгачкы баскычта эле калып калышат да. Анын жасаган иштери, сүйлөгөн сөздөрү калыптанган саясатчы катары көрсөтүп жатат. Лидер болуу үчүн биринчиден, жоопкерчиликти өзүңө ала билишиң керек. Экинчиден сен башкалардан алганга караганда аларга көбүрөөк беришиң керек. Бул акча берүү керек дегенди түшүндүрбөйт, бул мамиле, көңүл, идея, моралдык колдоо. Эң негизгиси адамдарды ээрчитиш үчүн сен өзүң алдыдагы ишиңе ишенишиң керек. Ошондой адамды башкалар ээрчийт. Мен жогоруда айтып өткөн сапаттар Жеңиште бар”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева, Төрөбай Зулпукаров, меценат Аскар Салымбековдун Жеңиш Молдокматовдун саясаттагы орду жана келечеги тууралуу айткан ойлорун видеоматериалдан көрө аласыз.


кошулду





“Мамлекеттик башкаруудагы жаңылануу - дүйнөлүк процесс“

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
04.10.2019. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул тузук жигит, шайлоодо Жениш учун Замандашты колдойбуз! Мадумаровго окшоп катынча анкылдабай мигранттардын ажатын ачып жатат!
06.10.2019. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Замандаш партиясынын маркум лидери да жакшы болчу, Жениш мырза да аябай кучтуу, акылдуу жаш саясатчы. Шайлоодо ушундай жаштарды колдоп алуу керек
06.10.2019. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны коз караш мн караган кадрлардын арасынан Жениш мырза татыктуу политик. Келечеги кен, Кыргызстандын осушуно чон салым кошо алат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: