super.kg logo

Украинанын президенти Зеленскийге журналисттер менен болгон 14 сааттык сүйлөшүүдөн кийин дарыгер чакыртылды

 

Кечээ, 10-октябрда Украинанын президенти Володимир Зеленский Киев шаарында журналисттерге 14 саатка созулган маалымат жыйын өткөрдү. Маалымат жыйын саат 10:00дө башталып, түн бир оокумга чейин созулду. Бул тууралуу украиналык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалымат жыйын фудкортто (ред. соода борборунда жайгашкан тамактануу жайлары) болуп өттү. Анда Зеленский тыныгуусуз жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кабыл алып, суроолоруна жооп берди. Бул жыйынга жүздөн ашуун украиналык жана чет өлкөлүк журналисттер катышты. Жыйындын жүрүшүндө Зеленский Майдандагы көтөрүлүш, мурдагы президент Петро Порошенко, Донбасстагы согуштун аякташы, "Штайнмайердин формуласы", АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан болгон кысым, Кличконун кызматтан алынуусу, "112" телеканалынын лицензиясынын алынышы, шайлоодогу убадалар тууралуу жана өлкөдөгү бир катар олуттуу маселелер боюнча кеп курду.

Андан сырткары, Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге өз демилгеси менен телефон чалуу аркылуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн айтып берди. "Биринчи кадам жасоодон таажым түшүп калбайт, мен согуштун аякташын каалайм. Бул сүйлөшүү биз тараптан жасалган алгачкы кадам болду. Эки тарапта тең согуштун аякташын көздөгөн ниет жана аракет болушу керек. Риториканы алмаштыруу зарыл. Биз ал жакта жокпуз, бул силердин ички конфликт. Өзүңөр чечкиле дегенден алыс болуу керек. Мындай жол менен жакшы жыйынтыкка жетүү мүмкүн эмес", - деди. Ошондой эле Зеленский Орусиянын журналисттери менен жолугушууну каалабастыгын кошумчалады. Ал Орусиянын журналисти Ольга Скабееванын Зеленскийден интервью алуу ниетин кооптуу деп атады. Орусиялык басылмалардын Украина тууралуу берип жаткан маалыматтарынын чындыгынан күмөн санагандыгын кошумчалады.

14 саатка созулган тыныгуусуз маалымат жыйын өткөргөндүгүнө байланыштуу акыркы сааттарында Зеленский сүйлөө оор болуп баштаганын айтып, дарыгерлердин жардамына муктаж болду. Тамагы анын алсыз жери экендигин айтып, үнүн жоготуп албоо үчүн атайын укол дагы алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
11.10.2019. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Биздикилер болсо олуп калмак эчак
11.10.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Avrora2017,былжырай бербе салыштырып
11.10.2019. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жузу жарык ошого коркпой жооп берет да
11.10.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Соке оозу менен 2 саат кыйратып коюп кетип калмак.
11.10.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Altyn.bala,жазып бергенди тантырап окупбу
12.10.2019. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Масаланин масаласин мен чечем деп бутуруп койот биздикилер.
12.10.2019. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз ушинтип озубузду озубуз шылдындап отуруп омуру онолбойбуз,президентти болсо,деги кошунабыздын баласындай эле мазактайбыз,ал дагы Аллах тарабынан бизге падыша болсун деп буюрулган
13.10.2019. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздикилер коляскага отуруп алып чыгып кетмек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: