super.kg logo

Батукаев боюнча сот отурумуна келген 77 жаштагы профессор Абдухалим Раимжанов ден соолугу начар экенин айтты

 

Бүгүн, 11-октябрда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна профессор Абдухалим Раимжанов келди. Ал Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгарылгандыгы боюнча соттук отурумга чакыртылган. Сот отурумунан чыккандан кийин Раимжанов SUPER.KG'нин суроолоруна жооп берди.

Ал быйыл 77 жашка толгонун айтат. Учурда ден соолугу жакшы эместигине да токтолду.

"Мени сенин буйругуң менен Батукаевге ошондой диагноз коюшкан деп күнөөлөп жатышат. Бирок андай болгон эмес, ал учурда мен ооруп ооруканада жаткан элем. Менин эч кандай тиешем жок болсо да ишти жылдырып отурушуп ушул деңгээлге алып келишти. Мен окумуштуу адаммын, жашым 80ге таяп калды. Ушул нерселерден улам омурткама 4 жолу операция жасалды, 3 жолу микроинсульт алдым.

Мен ким буйрук берген деген суроого жооп бере албайм, себеби аны билбейм. Бул диагноз боюнча айтсам менин тиешем жок, бирок кандай болгондо да дарыгерлер буйрукту аткарышкан", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

Ушул жылдын апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.






Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши боюнча соттук отурумга келүүдөн баш тартты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.10.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындайда эми баары өлүмүш болуп чыга келет . Убагында акчаны алышкан.
11.10.2019. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ден соолугунар начар болсо пенсияга чыгып,отургула уйдо.Жаштарга орун бошотуп!
11.10.2019. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буйрукту гана аткарат дегени эмнеси Батукаевдин иши боюча ар бир тиешеси бар адам жооп берүүгө милдеттүү.
11.10.2019. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев буйрук берген биз буйрукту аткарганбыз деп айтпайсынбы ачык эле олумуш болбой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: