Президент Сооронбай Жээнбеков Токио шаарында "Tokyo Rope MFG" корпорациясынын башкы кеңсесине барды






Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-октябрда Японияга иш сапарынын алкагында Токио шаарында "Tokyo Rope MFG" корпорациясынын башкы кеңсесине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы корпорациянын ишмердиги менен таанышып, анын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака менен жолугушуу өткөрдү. Инвестициялык кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.
Президент "Tokyo Rope MFG" жетекчилиги менен 2017-жана 2018-жылдары Бишкектеги жолугушууларда жетишилген макулдашуулардын баары бүгүнкү күндө ишке ашканын, Кыргыз мамлекетинде корпорациянын кичи ишканасы ийгиликтүү иштеп жатканын канааттануу менен белгиледи.
"Бизнес инвестициялар бизге аба менен суудай керек. Биз Япония менен, сиздикиндей ири корпорациялар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Япония бизге көз карандысыздык алгандан бери көп жардам берди", - деп президент Сооронбай Жээнбеков ыраазычылык менен белгиледи.
"Tokyo Rope MFG" корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Шигето Танака корпорациянын бүгүнкү күндө Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде иш жүргүзүп жаткан Бишкектеги кичи ишканасынын ишмердигин кеңейтүү боюнча пландары менен бөлүштү.
Шигето Танака Кыргыз өлкөсү менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө корпорация кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи.
"Биз заманбап, япон инновациялык технологияларын киргизүү жолу менен Кыргыз мамлекетинин экономикаснын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкубуз келет", - деди ал.
Бишкектеги "Tokyo Rope MFG" корпорациясынын кичи ишканасынын кызматкерлери аткарылып жаткан иштер жана жакынкы келечекке карай пландар тууралуу айтып беришти.
Корпорациянын кичи ишканасы Япония өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз мамлекетинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырат. Учурда Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүндө көчкүгө каршы курулуштар орнотулуп жатат. Жакынкы мезгилде буга окшогон жумуштар аталган жолдун башка бөлүктөрүндө да башталат.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекетинин тоо-кен инженерлерин даярдап чыгарганы жана Бишкектеги кичи ишкананын кызматын кеңейткендиги үчүн "Tokyo Rope MFG" жетекчилигине ыраазычылык билдирип, бул багытта иш-аракеттерди улантуу маанилүү экенин белгиледи.
"Tokyo Rope MFG" - дүйнө жүзү боюнча жогорку технологиядагы болот аркандарды чыгаруучу ири ишканалардын бири. Корпорациянын Бишкек шаарындагы кичи ишканасы 2017-жылы ачылган.








1 |