super.kg logo

ЖЭБди модернизациялоо иши: Сот менен жактоочулардын ортосунда түшүнбөстүк орун алды

 

Бүгүн, 28-октябрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу соттук отурум уланууда.

Сот отурумуна Сапар Исаков, Евгений Хафизов жана Асанованын суракка келбегени үчүн сурак берүүдөн баш тарткан. Мурдагы өкмөт башчы мажбурлап алынып келинип, бирок конвойлордун бөлмөсүнөн чыкпай турганын жактоочу Замир Жоошев билдирген. Мындан улам учурда сот процесси Сапар Исаковдун катышуусуз өтүп жатат.

Соттук отурумдун жүрүшүндө судья менен жактоочулар арасында пикир келишпестик орун алды.
Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев айыпталуучу мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду көрбөгөндүгүн айтты.
Ал эми Судья Инара Гилязетдинова жактоочунун бул пикирине тескери пикирин билдиридип, жактоочуга нааразы болду. Ал камерага кирип, айыпталуучуга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө милдетүү эмес экенин айтты.
Соттун жүрүшүндө жактоочу Жоошевге айыпталуучуга документти көрсөтүү мүмкүндүгү берилди. Мындан соң жактоочу Сапар Исаков күбөлөр- Евгений Хафизов менен Гүлбарчын Асанованы суракка алгандан кийин көрсөтмө беришин талап кылганын айтты.
Мындан улам судья жактоочуларга массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулуктун башын айландырып жатасыңар деп айыптады.
Айбек Калиевдин жактоочусу Бактыбек Жумашев сотко ММКларда жазылган маалыматка эмес, документке көңүл бурууну суранды.

Былтыркы жылы мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган.

Сот 2019-жылдын февраль айынан бери жүрүп жатат.






Жактоочу: “Сапар Исаковду сотко мажбурлап алып келишти“

Автор: Гүлшат Исмамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.10.2019. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сапар Исаков Алмазбек Атамбаевдин учурунда Президенттик аппараттын биринчи орун басары болуп турган кезде Ашанын көп иштерин бүтүрүп берген үчүн дароо эле премьер-министрликке дайындалган. Андан кийин акылы жок неме 600 долларга кычкач сатып ала баштаган. Буга көчөдөгү жинди деле ишенбейт.
28.10.2019. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
далил фактылар толук чыгып иштин башы кимге такаларын билген сайын Сапар өзүнүн болгон тактикасын колдонуп жатат уят жок десе сендейлер кытайда болсо давно өлүм жазасына тартылмак
28.10.2019. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АШАнын маалында бийликке жана чоң иштерге сабаты жок адамдар келген ошолорду бир чекеден тазалабаса өлкөбүз аксай берет . Жөнөкөй эле ишин алып бара албаган чоңдор олтурат азыр тааныш тууган дос жар кайын журт болуп бир бирин тарта берген.
28.10.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
elchi84,азыр сабаттуулар отурат да э?70+50=130 деп коюп.
28.10.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Altyn.bala, Сөздөрүмдү кайрадан окуп чыгып анан жазсан болмок.Мен ошол азыр сабатсыздарды тазалаш керек деп жатам.
SUPER.KG видео
29.10.2019. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол 600$ кычкачты сатып алган адам эркиндикте журот. Бул политика. Эптеп Сапарды камаш керек. С.Исаковдон мурун С. Жээнбеков П-М болгон. Исаков 10-20 жыл иштеген жок. Иш Жээнбековго дагы козголуш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: