ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурумга мажбурлап алып келинген Сапар Исаков сотторго нааразычылыгын айтты





Бүгүн, 28-октябрда Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин кароо улантылып, соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын төрайымдыгынын алдында өттү.
Отурумдун экинчи бөлүгүндө сот залына мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков дагы келди.
Ал буга чейин эмне үчүн сот залына кирбей жаткандыгынын себебин түшүндүрүп, күч органдары аны мажбурлап алып келгенин айтты. Исаков бул ишке көрсөтмө бериш керек болуп жаткан Хафизов менен Асанованы соттук отурумга бир айдан бери алып келе албай жатканына дагы токтолду.
Анын айтымында, Хафизов эсеп иштерин жүргүзүп, документтерге кол койгон болсо, Асанова жасалма документтерди жасаган.
Сот документ иштерине байланыштуу 30-октябрга саат 9:00гө жылдырылды.
Жактоочу: “Сапар Исаковду сотко мажбурлап алып келишти“

Биринчи Сооронбайга окшогондорду камаш керек. Сооронбайдан сөзүн кытайга айдап жибериш керек. Сооронбай нааразы болгондор коп. Жак
Азыркы старик-политиктерден ишеним калбай калды
Эгер акыйкаттыкты талап кылчу болсок, ТЭЦ иши боюнча камалгандардын катарына Сооронбай Жээнбековду, Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кенештин 5-чакырылышынын бардык депутаттары керек, Кытай менен макулдашууну, карыз алууну колдогондордун баары...