super.kg logo

Илмияновдун жактоочусу анын 7 жылга камалышына макул эмес. Эми алар жогорку инстанцияга кайрылышат

 

Бүгүн, 30-октябрда Бишкектеги Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болгон Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишти кароону улантып, чечим чыгарды. Сот Илмияновдун мүлктөрүн конфискациялап, өзүн 7 жылга эркинен ажыратуу чечимин угузду.

Бул чечимге анын жактоочусу макул эмес. Айтымында, эми алар жогорку инстанцияга арыз менен кайрылышат. Буга чейин соттук отурумда көрсөтмө берип жатып, Илмиянов "мага айып негизсиз коюлуп жатат" деп айткан.

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген айып тагылган.

2018-жылы Икрамжан Илмияновго УКМК тарабынан "алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголуп, 18-октябрда сот аны сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. 19-октябрда Илмиянов Орусиядан кармалган.

Илмияновдун кылмыш иши боюнча бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.






Икрамжан Илмиянов жети жылга соттолду

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
30.10.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Пайдасы жок кайрылгандын.бекер эле чыгаша. Бирок жактоочуга да иш болуп туруш керек да. Йгилик. 160мин сом эмес миллиондогон сомдорду толотуп бошотуп койгон жакшы.
30.10.2019. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уже арыктап калыптырго аяш ава
30.10.2019. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
7 жылга камалышына мен да каршымын. 17 жылга камалышы керек.
30.10.2019. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жети жылдын канчасы СИЗОдо отурганы үчүн кетти да. Илмияновдун алдамчылык менен айыптап кесиптир. Демек, анын күнөөлөрү ошого жараша болуптур да.
30.10.2019. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип он эки айың өтүп кетти деген ыр бар эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: