super.kg logo

Сот Илмияновду Беларусь ишкерине 10 миллион сом төлөп берүүгө да милдеттендирди

 

Бишкектин Октябрь райондук соту кечээ, 30-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновго карата чечим угузду. Сот Илмияновду күнөөлүү деп таап, анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдү конфискациялоо, 160 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу жана 7 жылга камакка алуу чечимин чыгарды.

Мындан сырткары, Илмиянов Беларусь ишкери Николай Грамовичке тиешелүү суммадагы акчаны төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Тынарбек Аскаров билдирди.

"Сот Беларусь ишкери Николай Грамовичдин пайдасына чечип, Илмияновду ага акча каражатын төлөп берүүгө милдеттендирди. 150 миң долларды сомго айландырганда 10 миллион 397 миң 235 сом болот экен. Сот ошол сумма Беларусь ишкеринин пайдасына өндүрүлсүн деди. Бирок бул сумманы Икрамжан Илмиянов алган эмес. Эми бул маселе дагы такталат. Күбөлөр ал акчалар шайлоого Беларусь тараптан демөөрчүлүк жардам катары берилгенин айтып жатышат. Биз жогорку инстанцияга ушул нерсени далилдеп, четке кагыш үчүн дагы кайрылабыз. Анткени бул жерде ошол акчаны Илмиянов жеке алып жатканын далилдеген видеофиксация, эч нерсе жок", - деди жактоочу Аскаров.






Икрамжан Илмиянов жети жылга соттолду

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.10.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Албетте андай акчаны алып жатканда видеого тартмак беле, бул логикага туура келбейт го.Далили жок кылып алат да мындай акчаларды.
31.10.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Илмиянов паракордук жана алдамчылык кылуу менен бирге Кыргызстандын кадр саясатын өлтүрүп кетти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: