Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси күн тартибине киргизилди
Вице-спикер Мирлан Бакиров "Бир Бол" фракциясы Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндө чечим даярдап келгенин билдирди.
Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин күн тартибине киргизүү боюнча чечим добушка коюлду.
66 депутат "макул" деп добуш берди. Ал эми "каршы" деп эч ким добуш берген жок.
Жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүү маселеси күн тартибине коюлду.
Саймаити ким? Депутаттар анын байланыштарын иликтеген комиссия түзүүнү сунушташты
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Кызжибек Раимова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

