Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү
Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.
Депутаттык комиссия түзүүгө 85 депутат "макул" деп добуш берди. "Каршы" деп эч ким добуш берген жок.
Комиссиянын курамы: КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, Искендер Матраимов, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров, "Бир Бол" фракциясынан Алтынбек Сулайманов, "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов.
Саймаити ким? Депутаттар анын байланыштарын иликтеген комиссия түзүүнү сунушташты
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Кызжибек Раимова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

