super.kg logo

5 адамдын өмүрүн алган автокырсык. Аман калган жабырлануучулардын үчөө Бишкектеги ооруканага которулду

 

24-ноябрда Бишкек-Ош унаа жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандардын үчөө Жайыл райондук ооруканасынан Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.

"Кырсыктын кесепетинен жалпысынан 13 адам жаракат алган. Алардын үчөө (бирөө кичинекей бала) жеринен каза болсо, бир жабырлануучу ооруканага бара жатканда жан берген. Дагы бир жабырлануучу Жайыл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аймактык оорукананын жандандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптын абалы оор бойдон калууда. 3 бейтап Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна которулду. Ал эми Жайыл райондук ооруканасына дагы 2 жабырлануучу кайрылган", - дейт маалымат кызматынан.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болгон. Кечээ, 25-ноябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан 4 жабырлануучу медициналык текшерүүдөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнүн, дагы 4 бейтап аймактык ооруканада жатканын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
27.11.2019. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спринтердин айдорчусу менин жердешим эле. Чынында кыжаалат болуп жатам. Эми ага кандай чара корулушу мумкун. Ал куноолуу эмес болобу. Степ встречныйга чыгып атат бул жерде. Каза болгондорго да боорум ооруйт. Жайлары жаннаттан болсо экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: