super.kg logo

ЖЭБди жаңылоодогу коррупцияга айыпталып жаткан Сатыбалдиев менен Авазовду 11 жылга камакка алуу сунушу айтылды

 

Бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Отурумдун түштөн кийинки бөлүгүндө мамлекеттик айыптоочулар судьяга ишке күнөөлөнүп жаткан тараптарга жаза чектөө боюнча сунуштарын окуп беришти.

Мамлекеттик айыптоочулардын сунушун прокурор Марат Кулжабаев окуду. Анда мурдагы өкмөт башчы, "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга эркинен ажыратуу жана мүлктөрүн конфискацияга алуу айтылды. "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовду да 11 жылга камакка алуу сунушу келтирилди.

Ушундай эле мөөнөттө ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, "Электр станциялары" ишканасынын дагы бир мурдагы директору Жолдошбек Назаров да камакка алынуусун сунуштады. Прокуратуранын позициясында алардын баарынын чиндери жана наамдары алынышы керек. Мындан тышкары, мамлекеттин пайдасына 5 миллиард 439 миллион 527 миң 482 сом төлөп берүүгө милдеттендирүүнү соттон сурашты.

Буга чейин иштин материалдарын иликтөө процесси жүргөн. Анын алкагында, иштин бардык 55 тому иликтенип бүткөн. Отурумдун башында судья Инара Гилятзединова мурдагы энергетика министри, бул иште айыпталып жаткан Осмонбек Артыкбаев өз каалоосу менен мамлекетке 100 миллион сом төлөгөнүн айткан.






Прокурор Сапар Исаковду 15 жылга камоону сунуштады. Жактоочунун жообу

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
27.11.2019. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сапар Исаковду 20 жылга кесип, Лондонго которгон 100 млн. долларын кустурса жакшы болот эле.
27.11.2019. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
11 жыл аз эмеспи? Булардын мал мулкун баарын мамлекетке кайтаргыла.
27.11.2019. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
С. Исаков ТЭЦти модернизациялоодо кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын атайылап коргогонун эми тана албай калды. 2010-жылдын башында эле Бишкек ТЭЦин 200 млн АКШ долларына модернизациялап беребиз деп сунушташкан ТВЕАны 2013-жылы 386 млн долларга сүйлөшкөн С. Исаковго «медаль» тагалыбы же өмүр бою эркинен ажыратыш керекпи?
Ушунан карай турган болсок айыптоочулардын доо туура эле болот. Мамлекеттик казынага андан сырт жеке кызыкчылыгын көздөгөн болсо бул туура чечим болмок.
27.11.2019. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уурулардын үй мүлкүн дагы мамлекетке өткөрүш керек
27.11.2019. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сапардын москвада курган Мурас деген клиникасы бар ошону да мамлекетке өткөрүп ошол жактагы мекендештерди бекер караган мед центр кылыш керек
SUPER.KG видео
29.11.2019. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок дегенде 20жыл бергиле кийинкилерге сабак болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: