super.kg logo

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү: Айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды

 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча Ош шаардык соту чечим чыгарды. Анда айыпталып жаткан Мелис Калыков күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык сотунун чечими 27-ноябрда чыккан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 2018-жылдын 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында, анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

29-ноябрда маалымат жыйыны өтүп, анда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы кылмышка шектелип кармалган М.Калыков маркумду баш сөөккө атып өлтүргөнүн маалымдаган. Ал эми ИИМдин тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов маркум менен шектүү М.Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар экенин билдирген.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында 4 баласы калды. 2018-жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 2018-жылдын 19-ноябрында Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.






Прокурорду өлтүргөнгө айыпталган адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
27.11.2019. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колу менен кылганды башы менен тартсын.
27.11.2019. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
беркилерге 10 15 жылдан берсин и групповой преступления болуш кк эле
27.11.2019. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башка Адам олтургондорда омур бойу камалабы ошондо
28.11.2019. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Munir81,Жок мамлекеттик орган кызматкери, прокурорлордун олуму болсо ошондой экен.
28.11.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх ата-энелерине сабыр берсин! Олгон адамдын да и куноолуу деп камалган адамдын энесине да сабыр берсин! Омур бою дегенди уккан энеси буту иштебей калды деп угуп журогум ооруп кетти. Эне баары бир энеда балага эч ким энедей куйбойт экенго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: