super.kg logo

Алмазбек Атамбаевдин соттук отуруму 6-декабрга жылдырылды

 

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши каралып, соттук отурум 6-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум саат 15:00гө белгиленген.

"Алмаз Шаршеновичтин айтымында, тергөө изоляторуна жаш конвойлор кирген. Эгер ал барбайм деп баш тарта турган болсо күч колдонулуп, ызы-чуу орун алмак. Мындан улам экс-президент кызматкерлерди ыңгайсыз абалга салбайын деп макул дептир. Бирок баса белгилеп айта кетейин, ал өзүнүн эрки менен келген жок.

Жакында эле интернетке Алмазбек Атамбаев менен Шамиль Атахановду беттештирүү протоколу чыгып кетти. Протоколдо акча алуу же берүү тууралуу айтылган эмес. Алмазбек Шаршеновичке Батукаев же Атаханов тарабынан берилген кандайдыр бир материалдык баалуулуктар да жок. Протоколдо Жаныш Бакиевди алып келүү максатында Азиз Батукаевди өткөрүп берүү боюнча келишим түзүлгөндүгү маалымдалат. Бул Атахановдун сөзү, бирок мындан коррупцияны көрүүгө болбойт. Купуя сырды камтыйт деп 27-томго киргизилген бул протоколдо эч кандай сыр жок. Эгер мамлекеттик деңгээлдеги сыр болсо анда кылмыш жок. Кылмыш жок болсо, бул ишти сотто кароого болбойт.

Сотто жактоочулар бул иш менен тааныш эмес экенибизди айтып өтүнүчтөрдү киргиздик. Сот өтүнүчтөрдү канааттандырып соттук отурумду 6-декабрга дайындады", - дейт Жоошев.






“Атамбаев сотко өз эркине каршы алып келинди". Жактоочу бул тууралуу эмне дейт?

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
29.11.2019. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сооронбайдын коз каранды сотторунан эч чындык кутпой эле койгула. Соке кетмейинче бизде чындык болбойт.
29.11.2019. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kairat1996,АШАнын заманы менен чаташтырба!АТАМБАЕВ кылмышына жараша жооп берет!
29.11.2019. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kairat1996, азыр соттор президенттен коз каранды эмес, азыр соттор коз каранды эмес чечим чыгарышат
Absamat-90 түзөттү 2019-11-29 19:06:40
29.11.2019. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kairat1996,уурулар үмүтүңөрдүн үзө бергиле силерге ырайым болбойт
29.11.2019. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айбанга окшобой, адамдай элге кызмат кылганда байкуш кейпин кийбейт эле
29.11.2019. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сүрөттө Сүмбүлбек турабы
SUPER.KG видео
29.11.2019. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Атамбаев таза иштеген. Мунун баарына Сооронбай куноолу.
29.11.2019. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Раим миллион жонундо жанылыкта талкуу жабык Атамбаевде ачык кандай тушунсо болот
SUPER.KG видео
30.11.2019. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ашанын кашасы көп али алдыда.Концерт бүтө элек
SUPER.KG видео
02.12.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сокени Соке кылган Атамбаев да. 15 жыл коюн колтугуна кирип журуп эми кылганын кара бул эркекчиликке жатпайт. Сатып кетме канында бар да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: