Журналисттер жооп ала албай калышты. Райымбек Матраимов УКМКда алты саат сурак берип чыкты




Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМКда сурак берип чыкты. Ал алты саат сурак берди. Аны сыртта массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү күтүп жатышкан. Бирок Матраимов алардын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, унаага отуруп кетти.
Бүгүн, 29-ноябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов УКМКга күбө катары чакыртылган.
УКМК Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган бардык жагдайлар боюнча сурала турганын билдирген. Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында, Айэркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Райымбек Матраимов УКМКда алты саат сурак берди
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

