super.kg logo

Бишкекте Renault жана Lada бренддеринин дилерлик борбору ачылды!

 

12-декабрда Бишкекте Кыргыз өлкөсүндөгү Renault компаниясынын расмий дистрибьютору Asiamotors LTD Lada унаалары сатылып баштаганын жар салды. Мындан улам Борбор Азияда алгачкылардан болуп, Бишкек шаарында бир күндө Renault жана Lada бренддеринин дилерлик борбору ачылды.

Ачылышы аземине Renault CIS жана Lada Export КМШдагы башкаруучу директору Макс Миссана, Asiamotors LTD компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Лим жана LADA Export КМШдагы сатуу боюнча директору Виктор Рудаков катышты. Ачылыш аземинде Макс Миссана сөз сүйлөп, Renault Export эл аралык деңгээлде кулачын жайганын улантарын билдирди. Иш-чарага жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү катышып, кызыктырган суроолорун узатышты.

Asiamotors компаниясы өнүгүүсүн ырастап, Кыргыз өлкөсүнө Renault жана LADA бренддеринин расмий дистрибьютору болду. Кыргыз өлкөсүндө урбанизация ылдам жүрүүдө, андыктан потенциал жогору. Сапат жана тейлөө стандарттарын киргизүү үчүн курулган эки бренддин дилерлик борборун кубануу менен ачабыз”, – деди Миссана.

КМШдагы жана Кыргыз өлкөсүндө унаа рыногунда кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы тууралуу кабардарбыз. Унаалар ар бир кардар үчүн жеткиликтүү болушуна жана жеңилдетилип алганга мүмкүнчүлүктөр болот”, – деди Asiamotors LTD компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Лим.

Иш-чаранын жүрүшүндө Renault жана Ladaнын жаңы унаалары сунушталды. Анда Renault Аrkana жана Lada Vesta Sport жаңы моделдери көргөзүлдү. Жаңы дилерлик борбор Renault Group эл аралык стандарттарына ылайык түзүлүп, унаалар үчүн ири көргөзмө аянтына ээ.

Стилдүү жана ыңгайлуу, өзгөчө интерьерди камтыган дилерлик борбордун аянты 800 чарчы метр. Толук жабдылган цехтин аянты 1000 чарчы метр жана кардарларды тейлөөнүн жогорку стандартына жооп берет.

Заманбап лидерлик борбор Бишкек шаары, Анкара көчөсү 5 дареги боюнча эшигин ачты.


кошулду





Жеткиликтүү, жаңы Renault жана LADA эми Бишкекте

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
13.12.2019. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
орустар отпогон машинасын бизге сатыш учун растоможканы котортуп жатат ЕАС ке киргенибиздин минус жери ушул Ладан олсо олугу артык корейлердин Хундайы. Тойота Мерс БМВ хонда жонундо айтпай эле койоюн
14.12.2019. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
murat17,
Эски хундай айдагандан коро, жаны айда да.
14.12.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Osh2017g,2019-жылы чыгарылган Лада айдаганга караганда 1999-жылы чыгарылган Хонда же тайота айдаган жакшы
13.12.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баалары канчадан болду экен. Баасын кошо жазып койгулачы
14.12.2019. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баасы арзаныраак болсо жакшы... Бирок Бишкекке айрыкча электромобилдер керек... Болбосо ууланып бутот элибиз.... Газгада өтүп туруш керек
14.12.2019. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчабызды ала албай жүрсөк ачып коюптурго, акчабызды берсе жакшы болмок
14.12.2019. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай жаңы машиналарга биздин элдин көпчүлүгүнүн акчасы жетпейт буну майлуу жерлерде иштегендер эле албаса....
14.12.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Айналайын кыргыздар ар бирибиз адис болуп кеттик го .Аз маз дүнүйө көз карашыбызды пейилибизди оңдойлучу .Мейли ача беришсин .Алгандар алышат албаса албайтда .Орустарга бунсуз деле көз карандыбыз. Геосаясий деген жатат. Акш Америка Кытайлар Европа булар уулу держава .Бир жолу бар Кыргызстан өзүнүн ички саясий жагын оңдош керек .
14.12.2019. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Расттоможка 2020 ж. 1 - январынан тартып 13 500 $ га кымттайт экен кимге пайда орусияга пайда кимге зыян Кыргызга , Бишкектеги анкара деген көчөнүн атын алмаштырыш керек экен ...
14.12.2019. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эххх Путин ниетине жетип озунун мусорлорун бизге сатып баштады
SUPER.KG видео
14.12.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лада вестаны Путин жандыралбай койгон жанысын)))) андан коро ошол акчага япошка алсан окунбойсун.
15.12.2019. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаев мене Сариев Путинге жакшы көрүнөбүз деп эл менен эсептешпей туруп ЕАЕБке кирип эми мына жемишин көрүп жатабыз сукалар
15.12.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ачса ача берсин канча коп ачылса ошончо жакшы. Ким кааласа алат. Корея Япония деле келип ача берсин
Иш орун ачылат. Местага аренда толошот. Бара бара кочодогу машиналар жаныланат.
SUPER.KG видео
16.12.2019. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок жаман туугандар арзан сатса алып минет элек жаны салондон алып жакшы ниет кылайлы жакында Узбекистандан да ток менен жургон машианлар келип калышы мумкун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: