super.kg logo

BAKAI карталары менен Кыргызстандын бардык кафе-ресторандарында 5% кешбэк алыңыз

 

Эртең мененки кофе, кесиптештер менен түшкү тамак, үй-бүлө менен кечки тамактануу же достор менен жолугушуу - ноябрда мындай учурлар BAKAIдын 5% кешбэги менен ого бетер жагымдуу болот!

2026-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин BAKAI Кыргызстандын бардык аймагындагы кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануу жайларында жасалган төлөмдөр үчүн 5% кешбэк чегерет.

Эң негизгиси - акция белгилүү бир жайлар же ресторандар тармагы менен гана чектелбейт.

Өзүңүзгө жаккан кофеканаларда, ресторандарда, кафелерде, барларда, клубдарда, пиццерияларда, бургерканаларда жана акциянын шарттарына ылайык келген башка тамактануучу жайларда да кешбэк ала аласыз. Ири ресторандар тармагыбы же үйүңүздүн жанындагы чакан кафеби - айырмасы жок, акция Кыргызстандын бардык аймагында күчүндө!

Кешбэкти кантип алса болот?

Баары жөнөкөй! Эсепти BAKAIдын Visa же Элкарт+ картасы менен, анын ичинде Apple Pay аркылуу төлөңүз. Сарптаган акчаңыздын 5%ын эч кандай чектөөсүз, акча түрүндө кешбэк катары кайтарып алыңыз!

Промокод киргизүүнүн, катталуунун же башка кошумча аракеттердин кереги жок - адаттагыдай эле төлөсөңүз жетиштүү.

BAKAIдын картасы али жокпу?

BAKAI тиркемесинен бир нече мүнөттө карта ачып, ноябрь бою сүйүктүү тамактарыңыздан ырахат алуу менен бирге кошумча пайда көрүңүз!

BAKAI - 5% кешбэк менен жагымдуу учурлар дагы да көп болсун!

Акциянын шарттары: кешбэк 2026-жылдын 1-ноябрынан 30-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында BAKAIдын Visa жана Элкарт+ карталары менен төлөгөн Кыргызстандын жарандарына берилет. Кредиттик карталар акцияга катышпайт. Кешбэк акциянын шарттарында көрсөтүлгөн категорияларга кирген коомдук тамактануу жайларында жүргүзүлгөн төлөмдөр үчүн чегерилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: