super.kg logo

"Альянс Алтын" ишканасы "Жерүй" кенинде аткарып жаткан иштери боюнча жыл жыйынтыгын чыгарды

 

12-декабрда “Альянс Алтын” акционердик коому “Жерүй” алтын кени боюнча акыркы жыл аралыгында жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгарды.Тегерек столго “Алянс Алтын” компаниясынын директору Михаил Шубин, Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев, техника илимдеринин доктору Канат Кожобеков компания менен байланышта болгон мекемелер, уюмдар, көз карандысыз серепчилер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө “Жерүй” долбоору жана анын ийгилиги, келечеги жөнүндө “Альянс Алтын” компаниясынын директору айтып, анын артыкчылыктарына токтолду.

“Биздин компания “Бакубат-Талас” фонду аркылуу Талас облусунун аймактарын өнүктүрүүгө 450 миллион сом инвестициялады. Бул акча каражаттары социалдык долбоорлорго, маданият, спорт жана айыл чарба тармактарын жакшыртууга жумшалды. Мындан сырткары, Талас облусунда негизги жолдор оңдолуп, айылдардагы караңгы көчөлөргө жарык орнотулду” - деди Шубин.

Ал белгилегендей, “Жерүй” алтын кени алдыда толук кандуу ишке кирсе, жумуш орду 1200дөн 2000ге чейин жетет. Төрт жыл аралыгында “Альянс Алтын” кенди казуу иштерине даярдык көрүп келди. Учурда кен ишке кирип, ишкана биринчи алтынды өндүрүү алдында турат. Ушул тапта компаниянын өзүндө 274 адам иштеп, алардын 90 пайызын жергиликтүү жарандар түзөт. 2020-жылы аталган ишкана 600дөн ашуун адамды жумуш орду менен камсыз кылат. Алтын кени тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев төмөнкүлөрдү айтты. "Алтын кенин казуу өлкө үчүн пайдалуу. Анткени андан мамлекеттин казынасына акча каражаты түшөт. “Жерүй” долбоорунун алкагында көп иштер жүрдү. Экологиялык коопсуздук жагына дагы маани берилип, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, - деди ал.

Ал эми мамлекеттик башкаруу боюнча серепчи Шерадил Бактыгулов бул мүмкүнчүлүктү кыргыз эли пайдаланып, жакшы көрсөткүчкө жетишүүсү керек дейт.

“Мамлекет бизге бирдеме берет дегенге мурунку эки бийликтин учурунда көнүп калганбыз. Азыр барыбыз түшүнүп жеттик окшойт, мамлекет бизге мүмкүнчүлүк, шарт түзүп койсо, калганы өз колубузда экенин. Бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдалансак жакшы көрсөткүч жана жыйынтык болот”, - деди ал.

“Альянс Алтын” ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Касиет Карачолокованын айтымында, кен казган “Альянс Алтын” компаниясы коомчулук үчүн ачык, кен казууда экологиялык жана коопсуздуктун бардык нормаларын сактайт.

“Компания бир жылда 1 миллион 300 тонна руда тапшыруусу керек. Фабрика тынымсыз иштөөсү үчүн күнү-түнү казуу иштерин жүргүзүп, анын арты менен Кыргыз өлкөсүнүн казынасына салымыбызды кошуп, мамлекетке жылына 2 миллиард сомдук салык төгөбүз деп пландаштырып жатабыз”, - деди ал.

Жер-Үй алтын кени – Талас районунда, Кара-Ой кыштагынан 26 чакырым аралыкта, Талас кырка тоосунун Түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3205-3710 метр бийиктикте жайгашкан. 1974–84-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, кору бекитилген.


кошулду





"Альянс Алтын" ишканасы "Жерүй" кенинде аткарып жаткан иштери боюнча жыл жыйынтыгын чыгарды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
14.12.2019. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мамлекеттик бюджеттин көтөрүлүшүнө көбүрөөк салым кошо турган жактарын карагыла.
14.12.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атамбаевдин кучугу Зилалиев кендерди картошка саткандай сатып элдин малекеттин кызыкчылыгын эске алган эмес оздору байып жыргашкан.
14.12.2019. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер уй качан тажырыйбалуу айдоочуларды алат? Тажырыйбасы жок жаш айдоосуларды алып жатышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: