super.kg logo

Экс-мэрлер соту: Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды (видео)

 

Бүгүн, 23-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэр Албек Ибраимовго сот чечим чыгарды. Анда Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган. Ушул жылдын 6-мартынан тартып, Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.

Ал эми Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.






Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды

Экс-мэрлер соту: Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылса, Кубанычбек Кулматов сот залынан бошотулду

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
23.12.2019. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
АШАнын айылдашы, иниси, мурдагы кампачы болуп баштаган Албек Ибраимов да бар. Албек мырза Атамбаев бийликке келгенден кийин СЭЗ «Бишкекке», ТНК «Дастанга», «Манас» аэропортуна башчы болгон. КР президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары да болду. Акыркы ээлеген кызматы борбор калаа башчылыгы болду. Андан ары коррупцияга айыпталып, УКМКнын СИЗОсуна кирди. Эми биротоло 15 жылга камалды.
Jaznura түзөттү 2019-12-23 14:41:07
23.12.2019. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
9000 сомго кочот алган ушул Мэр беле
23.12.2019. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chake,дал озу гоо
23.12.2019. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фотосунда корунуп турат,кинодогу терс каармандарга окшоп
23.12.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уурдаганын толотуш керек эле да
23.12.2019. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшынараак окум чыгарганда аттыртып сала тургудай кылып
23.12.2019. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2гектарга салынган хан сарайды сатып чык эшике!
23.12.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камагандан эмне пайда? Мал-мулкун алып толотуш керек , же болбосо олум жазасына тартылсын! Ошондо гана коррупция туп тамыры менен жок болот
23.12.2019. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноосу бар эмес коп болчу. зав.хоз деген ат озу тушунуктуу да. Зав.хоздун кыргызчасы ууру да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: