super.kg logo
  Саясат  

"Садыр Жапаровго ырайым болобу?" деген суроого президент: "Аны кийин угасыңар"

 

"Абактагы саясатчы Садыр Жапаров 2 ай мурун ырайым сураган кат жазган эле, ага ырайым болобу?" деген суроо бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбековго журналисттер тарабынан берилди.

"Мен президенттик кызматка келгенде көп саясатчылар түрмөдө эле. Аларды чыгаруу боюнча маселелерди тынбай коюп жатышты. Сот өзү чечим чыгарып жатты. Кээ бири соттун чечими менен чыкты. Садыр Жапаров боюнча мен популисттик кылып сотко мындай кыл деп айтсам туура эмес болот, мыйзамдын негизинде чечүү керек. Аппараттан келип менден сурап жатышты, муну эмне кылабыз деп. Мен мыйзам чегинде карагыла деп гана айттым. Сот болобу башка болобу мыйзамды бузса жооп берет дедим. Азыр бул маселе каралып жатат. Арыз берилиптир. Кийин дагы угасыңар", - деди Жээнбеков.






Садыр Жапаровго ырайым болобу?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: