super.kg logo

"Жакшы калгыла, биз аягына чейин күрөшөбүз". Равшан Жээнбеков бийликке талап койду

 

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралды. Сот аны келе жаткан жылдын 9-февралына чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу отурумга катышкан жактоочусу Замир Жоошев маалымдады. Анткени соттук отурумга массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да, Жээнбековдун жакындары да киргизилген жок.

Соттук отурумга Равшан Жээнбековдун Таластан да туугандары келген. Алар соттук отурумдун жабык өткөнүнө нааразы болушту. Жарандык активист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов мындай отурумдардын жабык болушу мыйзамга туура келбейт деген оюн айтып, сот залынын босогосунда турган сот департаментинин кызматкерлерине бир топ каршылыктарды көрсөттү. Бирок жарандардын каршылыктарына карабастан бөгөт коюу чарасы жабык эшик артында каралды.

Бир, бир жарым саат убакыт өтүп жактоочу Замир Жоошев сот залынан чыкты. Ал Равшан Жээнбековдун кайрылуусун айтып, видеокайрылуусу менен бөлүштү.

Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан соттун чечимине каршы экендигин айтты: "Соттун чечими акыйкатсыз болду. Мен атама тиешелүү эле чечим жөнүндө айтпайм, бир топ саясий куугунттукка туш болгондорго карата адилетсиз чечимдерди чыгарышууда. Сот отуруму ачык болушу керек болчу, бүгүн 100гө жакын киши келип, бирок отурумга кире албай калды. Мен бул сот отурумун ачык деп айта албайм. Биздин үй-бүлөбүз - атам, чоң атам жана мен бул кыйынчылыктарды жеңебиз", - деди ал.

Замир Жоошев болсо бөгөт коюу чарасы боюнча Жогорку Сотко кайрылууга мыйзам жол бербестигин, мындан улам келерки жылдын 9-февралын күтүүгө аргасыз экенин айтты.

Равшан Жээнбековду колдоп келгендердин арасынан биз саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаеваны кезиктирдик. Ал "Мен бул жакка Жээнбековдун жубайын, анын үй-бүлөсүн колдоп келдим. Алар да убагында мага чоң колдоо көрсөтүшкөн. Сот акыйкат чечим чыгарат деп үмүт кылам", - деди ал.

Сот чечими чыккандан кийин Равшан Жээнбековдун бир туугандары, чоң атасы жана жакындары бул чечимге каршы экенин айтышып, арасында көзүнө жаш алгандар болду.






Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунда каралды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
SUPER.KG видео
26.12.2019. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза катуу коштошуптур го
26.12.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Равшан Жээнбеков кандайдыр бир кызмат учун же кандайдырбир популистик журушторду жасоого кичине эле мумкундукту издеп кандай жыйын болсо эле барып колдоорун билдирип ошол тарптык болуп чыга келет. Туруктуу позициясы жок инсан десек туура болот.
26.12.2019. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
robot111,
Силердин Соооронбайыңар деген митайым экен. Раим ууруну суудан кургак чыгарып жатат. Ушул Сооронбайынар Атамбаев аркылуу келип алып, мамлекеттин таш талканын чыгарып жатат. Сокенин барынан бизге жогу жакшы болчу. Тыныраак иш кыла албаса, албетте элдин жини келет, ачык айта башташат. Анан корунгон шылтоо менен Сооронбай ар кимге тымызын буйрук берип каматып жатканын эл кечирбейт. Аз эле калды Сокенин камалаар куну келет. Жогол Соке эл козуно корунбой.
zhaku2017 түзөттү 2019-12-26 19:32:43
26.12.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай паника кылышат экен үй бүлөсү менен. Ар кайсы жерге мурун тыкпай эле журсо.эл чогулган жерге жетип барчу атым чыксын деп.
26.12.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ким менен күрөшөт. ГЕЙлерге каршыбы.
26.12.2019. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сен давно камалышын керек болчу. Элдин мүлкү болгон 342 обьектинин куну сени тынч жаткырбайт. Бул дуйнодо да, тиги дуйнодо да. Просто кылмыш моонотун отуп кеткени учун жооп бербей калгансын. Эми буйрук болуп Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жатасын. Бул иште тоодой куноон бар. Элди топтолгула, башаламандык жасагыла деп ундоп жургонунду баары коргон! Так что жанынды жей бербе!
26.12.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азат сакалын тигилерге окшотуп коюп алганына караганда, атасы экөөсү бир позиция, бир идеологияда окшойтко.
26.12.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кичине эле кипиш болсо шарт аралашат,эмнеден баштаарын билбейт,лиж бы атым унутулбасын шайлоого чейин деп эле сайрап журот,толку жок!!!
27.12.2019. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгул Текебаева кыйынчылыкта жуз буруп кетпей, жакшылыка жакшылык менен жооп кылганы анын адамгерчиликтуу экенин далилдептир.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: