Талкууга алынган Базар-Коргондун балатысына 112 миң сом эмес 88 миң 400 сом коротулганын айыл өкмөт башчы билдирди (сүрөт)




Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун борборуна орнотулган балаты интернетте катуу талкууга алынды. SUPER.KG порталы Базар-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Икрам Чолпоновго кайрылганыбызда буларды билдирди.
"Мен азыр айыл өкмөттүн милдетин убактылуу аткарып жатам. Быйыл райондун борборуна балаты орноттук. Ага 88 миң 400 сом коротулду. Мен балатыга 200 миң бөлүүнү айткам. Бирок бул акчага мен балаты орнотууга мүмкүн эместигин билдиргем. Андан көрө бөлүнгөн акчаны жетим жесирлерге берүүнү айткам. Азыр балатыны орнотуу иштери улантылып жатат. Толук бүтө элек", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:20
2025-07-26

21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
-5

Тообо 88 минге тузугуроок койсо болмок