Мэрия: "Борбор калаадагы Жаңы жылдык иш-чараларга 5 миллиондон ашуун сом жумшалды"
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык балаты 20-январда алынат. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мындан тышкары, мэриядан Жаңы жылды тосуу үчүн уюштурулган иш-чараларга минималдуу каражат сарпталганын билдирди. Борбор калаанын бардык жерлериндеги уюштурулган майрамдык иш-чараларга жалпысынан 5 миллион 478 миң сом керектелген. "Ала-Тоо" аянтына, Агропромдун мекемесинин тышына жана шаардын ар кайсы аймактарына илинген баннерлер 826 миң сомду түздү.
"Ала-Тоо" аянтына орнотулган балаты 960 миң 200 сом болду. 2018-жылы балатыны орнотууга 2 миллион 375 миң 800 сом жумшалган. Белгилей кетсек, Жаңы жылдык чыгашалардын тизмесинде "Ынтымак" сейил багына, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдына жана Чыгыш-5 кичи районуна коюлган эски балатылардын суммасы кирет", - деп билдиришет маалымат кызматынан.
Жаңы жылдык майрамда пайдаланылган жасалгалар сакталып, кийинки жылы дагы колдонулат. Шаар тургундарына жана меймандарына майрамдык маанай тартуулоо үчүн режиссёр-коючулар, сценаристтер, алып баруучулар, бийчилер жана башка бир катар кесип ээлери эмгектеништи. Мэрия кызмат көрсөткөн ар бир адамга акча төлөдү. Мындан тышкары, тартуучу топко, техникалык каражаттарга дагы акча бөлүндү деп кошумчалайт басма сөз кызматынын өкүлү.






1 |