super.kg logo

Текебаев менен Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароодогу соттук отурумдарга күбөлөрдү мажбурлап алып келмей болушту

 

Бүгүн, 23-январда Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча соттук отурум уланды. Анда күбөлөр суралмак. Бирок отурумга бир гана күбө келген. Ал көрсөтмөсүн бергенден кийин мамлекеттик айыптоочулар башка чакыртылган күбөлөрдүн отурумга келбегендигин билдиришти.

Сот прокурорлордон "күбөлөр эмне себептен келген жок? Дагы 12 күбөңөр бар, эмне үчүн келбей жатышат, тактадыңарбы?" деди.

Прокурор чакыртылган күбөлөрдүн айрымдары шаардан тышкары чыгып кетсе, кээ бири командировкага чыгып кеткендигине байланыштуу отурумга катышпагандыгын айтты. Ошондой эле күбөлөрдүн түшүнүк каттарын окуп берди.

Ал эми Орусиянын жараны болгон күбөлөрдүн бири Маевский учурда камакта экенин айтышты. Бул маалыматты тактоо үчүн өлкөдөгү күч органдары аркылуу Орусияга кат жөнөтүү өтүнүчүн прокурор айтты. Айыпталуучулар каршы эместигин билдирип, сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.

Прокурорлордун бири Кыргыз өлкөсүндөгү күбөлөрдү канча жолу чакырышканын, бирок алардын келбей жаткандыгын айтып, аты-жөндөрүн окуп берди. Андан кийин ал бул күбөлөрдү мажбурлап сот отурумуна алып келүү сунушун киргизди. Текебаев жана жактоочусу буга каршы эмес экендигин айткандан кийин, сот прокурордун өтүнүчүн канааттандырды.

Бүгүнкү отурум бир күбөнүн көрсөтмөсүнөн кийин 4-февралга жылды.






Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.01.2020. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт,бир мандем болгон . Бугунку кубо деле Сидеронко Маевский кызмат сунуштаганын айтыптыр го, артымда ишеничтуу адамдар бер.
23.01.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Шыкмаматовду сүскөндөн кийин башкасын либойун сүсөт бул теке мындай адамдан жакшылык күтүүнүн кереги жок
23.01.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Текебаев камалып кетсе жакшы болмок эле.
23.01.2020. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эптеп чойуп жатышат шайлоого жеткирбеш үчүн. Текебаевдей болгонду болгондой айткан адам аз эр жүрөк Азамат адам.
SUPER.KG видео
24.01.2020. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Текебаев акталат деген ишенимдемин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: