"Равшан Жээнбековдун кармалышы тергөөнүн чечими эмес, бийликтин чечими болду" дейт жактоочу
Бүгүн, 28-январда саясатчы, мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун кармалып, камакка алынышы боюнча анын жактоочусу жана тарапташтары коомчулукка кайрылышты. Жактоочу Равшан Жээнбековдун камалышына эч кандай далил жана негиз жок деп билдирди.
"Тергөөдө Жээнбековго 7 берене боюнча айып тагылууда. Алардын ичинде эң оор делген "адамды барымтага алуу", "мыйзамсыз түрдө бийликти басып алууга аракет жасоо" деген беренелер бар.
Равшан Жээнбеков бир нече жолу Кой-Таштагы окуя боюнча күбө катары сурак берди, ал бир да сурактан качкан жок. Тергөө менен тыгыз иштешти. Беш айдан кийин кайра аны шектүү катары суракка чакырышып, камашты. Эгерде ал кайсы бир ишке аралашкан болсо эмнеге дароо кармап, камашкан жок? Кой-Таш окуясынын баары ошол жердеги элдин көзүндө ачык өттү, мындан тышкары андагы окуянын баары камерага түшкөн. Тергөө органдары ошол видеолорду көрүп, ким эмне кылып жүргөнүн көрсө болот.
Равшан Жээнбеков "Эгер мени кармашса тергөөнүн чечими эмес, саясий чечим деп билишибиз керек" деп айткан. Бирок эмне үчүн ИИМдин тергөө органдары анын күнөөлүү экенине далил таба алышкан эмес, беш айдан кийин кимдир-бирөөнүн чечимин күтүштү беле?
Ал биринчи күбө катары сурак бергенден кийин ал эки жолу Европа өлкөлөрүнө чыгып келди. Ал жактан кайра келди да, ал өзүнүн күнөөсү жок экенин билген жана кенен-кесири кайра өлкөгө кайтып келди", - деди жактоочу Замир Жоошев.
Ал эми жарандык активист Манас Султанов Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүш керек деген талаптары бар экенин айтты.
Жактоочу: "Равшан Жээнбековго негизсиз түрдө 7 айып тагылууда"
