super.kg logo

"24.kg" сайтына Матраимовдор тараптан коюлган 15 миллион сом доо алынды, бирок арыз алынган жок

 

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун "Азаттык", "Клооп" жана "24.kg" сайтынын үстүнөн жазган арызы боюнча сот отуруму уланды. Ага судья Жылдыз Ибраимова судьялык кылды.

Сот отурумунун башында сот доогер "24.kg" сайтынан доосун алгандыгы боюнча арыз жазганын айтты. Доогердин жактоочулары толуктоо киргизишип, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгонун, анда аталган басылма жазган темасына далил жок экенин айтып, төгүндөө боюнча макала жарыялаганын белгиледи. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.

"24.kg" басылмасынын өкүлү Эмил Жандаев доогер доосун жарым жартылай алды деп билдирди. "Биздин басылма маалыматты төгүндөгөн жок, тактоо киргизди. Доогер тарап төгүндөө деп түшүнсө түшүнө берсин", - деди ал. Журналисттердин кандай тактоо киргизди, төгүндөөдөн анын айырмачылыгы кандай деген суроосуна түшүндүрмө берген жок. Баары аталган сайтта жазылган деп билдирди ал.

Матраимовдорго жактоочулук кылып жаткан Канатбек Азиз "24.kg" менен өз ара сүйлөшүү болуп, анын негизинде ага моралдык зыян үчүн коюлган 15 миллион сом доодон баш тартышканын айтты. Доогердин өкүлдөрү аталган басылманын үстүнөн жазылган арыз алынбай турганын, юридикалык баа берилиши керектигин билдиришти.






Матраимовдордун ЖМКга доосу: Сотто доогерлер далил сурап, жоопкерлер сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
29.01.2020. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Матираимовдор Кыргыз мамлекетинен пайдаланып иттей бай чочкодой кутурушту
29.01.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Раим дагы бүтпөс дастан болду го. Иран менен АКШны уруштурса, Коронавирус деген балеени таркатып ийсе.
29.01.2020. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бирок алар чындап биз элестеткендей мыкаачы, чириген бай, болсо эмнеге башкалардай качып кетпейт? Олко боюнча байлардын тизмесин карасанар орто жагында турат экен. Корсо биздин олкодо олигархтар олло коп экен.
30.01.2020. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kanayym.92,Шашылбай турсаңар болот, Соке кеткенде качат. Азыр крышасы барда эмнеге качмак эле?
arimaz89 түзөттү 2020-01-30 02:35:21
29.01.2020. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
кана азаттык сотто айткан сөздөрүн тастыктап бербейби кыйын болуп жатты эле го
29.01.2020. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыркы Раиммиллиондорго коз каранды соттордон эч бир жакшылык кутуп болбойт. Сооронбай Жээнбеков баарын былгытып жатат.
30.01.2020. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
24кгден доону алып арызды албаганы бул 24кгни кручокто кармап туруу дегенди билдирет.
KAYRATBEK түзөттү 2020-01-30 04:13:53
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: