Садыр Жапаровдун тарапташтары 2-мартта тынчтык митингин өткөрүшөт
Экс-депутат Садыр Жапаровду колдогондор 2-мартта Бишкек шаарында тынчтык митингин өткөрүүнү пландашууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өткөн маалымат жыйында "Садыр Жапаровду колдоо элдик фонду" коомдук фондунун төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, бул жалпы республикалык тынчтык митинги болот. Мындай чечим Түп районундагы жыйында кабыл алынган.
"Бардыгын мыйзам жолу, тынчтык жолу менен уюштуруу, жүргүзүү каралган. Эч ким тынчтык митингин өткөрүүгө тыюу салган эмес. Биз тынчтык митингин өткөрүүдөн баш тартпайбыз", - дейт Осмоналиев.
“Садыр Жапаровго байланыштуу чындык өлкө башчыга жетпей жатат” дейт иниси
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.