Кара-Балтада сабак учурунда окуучуну тепкен мугалимге сөгүш жарыяланды
Социалдык тармакка Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу тараган. Видео кечээ, 5-февралда тартылган.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан мугалимге сөгүш жарыяланганын кабарлайт.
Окуяны териштирүү жана мугалимдин бул аракетине баа берүү үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Арыков Кара-Балтадагы №2 мектепте ата-энелердин катышуусунда бүгүн, 6-февралда чогулуш өткөргөн.
“Биз, мектеп жетекчилиги жана ата-энелер менен жыйын өткөрүп, сүйлөштүк. Мугалим өзүнүн жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады, ата-энелер ага карата дооматтары жоктугун билдиришти”, - деди Талантбек Арыков.
Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди.
Кара-Балтада сабак учурунда окуучуну тепкен мугалимге сөгүш жарыяланды












1 |