"Ош базарында" чыккан өрт толук өчүрүлдү (бийиктиктен фото)










"Ош базарында" чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 09:10до толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 270 чарчы метр. Жабыркагандар жок.
Жалпы беш бөлүм тартылган. Мындан сырткары, ИИМден 100 кызматкер жана жол коопсуздугунан 12 экипаж, ошондой эле "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган.
Өрт бүгүн, 7-февраль күнү таңга жуук Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде "Ош базардын" аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан.
"Ош базарында" таңга жуук өрт чыкты
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.