super.kg logo

"Эч кимден шек санабайм, бул кырсык" дейт "Ош базарындагы" соода оруну күйүп кеткен соодагер

 

Бүгүн, 7-февралда таңга жуук Бишкектеги "Ош базарында" кайрадан өрт чыкты. SUPER.KG порталы кырсык болгон жерге барганда "Баары 50 сомдон" деп сатылган соода оруну күйүп кеткенин товарлардын ээсимин деген Рая Ибрагимова аттуу соодагер билдирди.

Анын айтымында, өрт тууралуу ага таңга жуук кабарлашкан.

"Эртең менен бул жерди шыпырып иштегендер чалып, өрт болуп жатат дешти. Коркуп кетип келдим, канча суммадагы товарым күйдү белгисиз. Буга чейин эле электр тогунда көйгөйүбүз бар эле, бир туруп жарык күйүп, бир туруп өчүп кала берчү. Эч кимден шек санабайм, кырсык болду", - деди Рая Ибрагимова.

ӨКМнын өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгынын өкүлү Рашид Качкеев өрт тууралуу маалымат таңкы саат бештерде түшкөнүн айтты.

"Беш өрт өчүрүүчү унаа менен өрт өчүрүүчүлөр келип, саат 07:07де өрт чектөөгө алынды. Өрт өчүрүүчүлөр өрттүн жайылып кетпеши үчүн болгон аракетин көрүштү. Кудайга шүгүр, жабыркагандар жок, жалпы 270 чарчы метр аянт күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда", - деди ал.






"Ош базарында" таңга жуук өрт чыкты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.02.2020. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бардык жакшылык жамандык иштер Алладан.садака балээлерден сактайт.
10.02.2020. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну менен баардык жамандыктар чыгып кетсин дейли эми☹
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: