super.kg logo

Ичинде унаалар болгон. Бишкекте унааларга техникалык кызмат көрсөтүүчү жай күйүп кетти

 

Бишкектеги Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн №242 дарегинде жайгашкан унааларга техникалык кызмат көрсөтүүчү жай күйүп кетти. Анын кесептинен бул ишкананын ичинде оңдолуп жаткан унаалар күйдү. Алдын ала маалымат боюнча, күйгөн унаалардын саны 5-6 болушу мүмкүн. Бактыга жараша аталган жайдагы газ баллондор жарылган жок.

Кырсыктын кесепетинен бир адам жабыркап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жөнөтүлдү. Ал иске ууланган болушу мүмкүн.

Өрт чыккан жайдын кызматкерлери кырсык тууралуу маалымат бергиси келбей тургандарын айтышты. Ал эми ишкананын жанында жайгашкан туристтик кеңсенин ээси өрт чыккандан кийин кабар алганын билдирет.

"Биздин кеңсе бүгүн жабык болчу. Мага телефон чалышып, кырсык тууралуу кабар беришти. Унааларга техникалык кызмат көрсөтүүчү жайдагы балдар деле өрттүн эмнеден улам келип чыкканын билбейбиз дешти. Жаман иш болду", - дейт ал.

Кырсык тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө бүгүн, 9-февралда саат 14:52де келип түштү. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылып, өрт саат 15:45те чектөөгө алынды. Ишканага жакын жайгашкан объекттерге өрт жайылган жок.






Бишкекте унаа оңдоочу жай өрттөнүп бир адам жабыркады

Автор: Айбек Алимов
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: