super.kg logo

Окуучулар үчүн ашканага, транспортко карта, электрондук күндөлүк, китепкана! MegaCom "Санариптешкен мектеп" долбоорун ишке ашырат

 

Кыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосуна заманбап технологияны жайылтуу ишин аткарууда мамлекетке өнөктөш болгон MegaCom компаниясы түрдүү тармактарды санариптештирүү процесттерине активдүү катышууда. Анын алкагында бүгүн, 10-февралда MegaCom компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги көзөмөлдүн электрондук системи жана борбор калаадагы билим берүү процесстерин колдоону түзүү боюнча стратегиялык кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Бул долбоордун максаты - окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн, сапатын жогорулатуу.

Өлкөгө жайылтылып жаткан башкаруу жана көзөмөл санариптик технологиясы өзүнө төмөнкү кызматтарды камтыйт:

* Мектеп окуучуларынын жана ата-энелеринин мектепке киргендиги, келгени, кеткени - атайын чип, браслет жана адамды жүзүнөн тааныган жабдуулардын жардамында жүргүзүлөт. Андан кийин балдардын билим берүү мекемесине келгендиги боюнча ата-энелерге SMS-билдирүүлөр аркылуу кабарланып турат;

* Электрондук журналдар жана күндөлүктөр түзүлөт. Бул буюмдар окуучунун сабактагы жетишкендигин, анын бааларын, канча сабакка келбей калганын жана башка абалды өз учурунда байкап турууга шарт түзөт;

* Вебинар түрүндө видеоконференц-байланышы - бул аймактардагы окуучуларга баш калаадагы мугалимдерден аралыктан билим алууга өбөлгө түзөт;

* Окуучуларга мектептин ашканасынан тамактануусу үчүн жана коомдук транспорттордо жүрүүсү үчүн электрондук карталар;

* Кимге кандай китептер берилди, кайсы китептер жоголду? Мунун баарын көзөмөлгө алган электрондук китепканаларда да болот. Мындай шарт фонддун абалын, чыгымдардын азайышын шарттайт;

"Биздин орто билим берүүчү мекемелер санариптешкен экономиканын жаңы чакырыктарына жооп бериш үчүн билим берүүнүн жаңы моделин пайдаланышы керек. Санариптештирүүнү биз Бишкек шаарынан баштайлы деп турабыз, бирок келечекте Кыргызстандын аймактарындагы бардык мектептерди да бул долбоорго кошобуз деп ишенебиз. Билим берүү мекемелерине карата жасап жаткан бул аракеттерибиз билим берүүнүн экосистеминин калыптанышына тепкич болот. Билимдүү жаштарды даярдоодогу MegaCom'дун салмактуу салымы болоруна да ишенебиз", - деди бүгүнкү саамалыктын жүрүшүндө MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Жакын арада электрондук технологиялар борбор шаардагы мектептерге тесттик режимде киргизилет, андан кийин мындай технология Кыргызстандагы бардык мектептерге жайылтылат.


кошулду





Баары жөнөкөйлөшөт: MegaCom мектептерди санариптештирет

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
10.02.2020. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан жакшы,балдарыбызга жакшы мумкунчулук
10.02.2020. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билим менен гана жашаш керек.
11.02.2020. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жаштары заманбап билимге гана умтулуш керек. Бир гана билим менен адам болуп калабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: