super.kg logo

Казакстандын маалымат министри Айсултан Назарбаевдин посттору боюнча: "Ал көптөн бери баңгизаттын таасири менен жүргөн"

 
Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев
Айсултан Назарбаев

Айсултан Назарбаев буга чейин Казакстандын мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев анын таятасы эмес, биологиялык атасы экенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Андан кийин ал Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү, бийлик тууралуу постторду жарыялап жатты. Буга байланыштуу үй-бүлөсү ага басым көрсөтүп жатканын билдирип, Улуу Британиядан саясий баш паанек сурай тургандыгын жазып чыккан.

Айсултан Назарбаевдин бул билдирүүлөрү боюнча Казак бийлиги үн катпай келген болчу. Бирок кечээ, 13-февралда жергиликтүү телеканалдардын бириндеги берүүдө маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев Айсултан Назарбаевдин посттору боюнча комментарий берди. Анда министр баңгизатына болгон көз карандылыктан дарыланып жаткан адамдын пикирине таянуу, ага карата комментарий берүүнүн өзү этикага жат келерин белгилеген.

"Мындай учурда анын ачылып жазган постторуна эмес, анын саламаттыгына тынчсыздануу керек. Мен бул посттор айрым адамдардын манипуляциясынын астында жазылганын так айта алам. Өкүнүчтүү, бирок бүгүнкү күндө Айсултандын атын жана анын абалын пайдалангандар чыкты. Ачык эле айтайын, ал көп убакыт бою баңгизатынын таасиринде жүргөн", - деген министр.

Мындан тышкары, Даурен Абаев анын жазгандары кимдир бирөөлөргө рейтинг алып келип жатканын, бирок бул жарыбаган рейтинг экенин айткан.

"Алар бактысыз адамды пайдаланышууда. Бул теманы жабыш керек. Баңгизатка көз каранды адамдын фантазиясынан өзүнүн кызыкчылыгын колдонуу, өлкөнүн биринчи президентинин небереси болгону үчүн анын алсыздыгын пайдалануу - адилетсиздик, акыйкатсыздык жана моралдык жактан чектен чыккандык. Эл башы (ред. Нурсултан Назарбаев) өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон жана кошуп келе жатат. Азыр аны дискредитациялоонун болбогон аракеттери жүрүп жатат. Мындай нерселер жазасыз калбашы керек", - деди министр Абаев.






Казак министри Айсултан Назарбаевдин посттору боюнча комментарий берди

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: