Экс-вице-премьер Камила Талиева: "Керек болсо тажик генералы кыргыз элинен кечирим сурасын"
Бүгүн, 17-февралда коомдук-саясий ишмерлердин, жарандык активисттердин жана массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн катышуусунда "Баткен облусундагы чек ара көйгөйлөрү" аттуу коомдук-саясий талкуу өттү. Жыйында экс-вице-премьер Камила Талиева чек ара маселесине байланыштуу пикирин билдирди. Айтымында, буга чейин чек арага байланыштуу көптөгөн сунуштар бийликке айтылып келди. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык болбой жатат.
"Эл ичинде дагы, социалдык тармактарда дагы чек арага байланыштуу талкуулар күчөдү. Чек арадагы делимитация жана демаркация маселесине ачык айкын жооп болуш керек. Анда эмнелер сүйлөшүлгөнүн эл билбей жатканы маселе болууда. Протокол кандай болуп, эмненин негизинде жазылды жана ага кимдер кол койду, эч кимге белгисиз болуп жатат", - деди Талиева.
Мындан сырткары ал Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов тууралуу дагы пикирин билдирип өттү.
Айтымында, бул окуя жоопсуз калбай, генерал кызматынан алынып, кыргыз элинен кечирим сурашы керек.
"Кечээ жаман сөз уктук, негизи ушул сөздү укмакпыз. Тажикстандын генерал-майорунун сөзү чынында биздин мамлекеттин жарандарын чочутту. Биз алардын каада-салттарын жана алар биздин жөрөлгөлөрүбүздү жакшы билет. Анткени көп жылдан бери кошуна жашап келебиз. Алардын мамлекеттик аткаминер эмес, жөнөкөй жараны дагы урусаты жок сүйлөбөйт. Кечээки генералдын сөзүнүн артында ким турганы белгилүү. Ал провокациялык билдирүүнү генерал тапшырма менен жасап жатат. Бул окуяны ушундай эле кабыл алышыбыз керек.
Берилген тапшырма аткарылган. Генерал кызматка жаңы келип эле билдирүү жасап жатат. Буга биз өзгөчө маани берели. Алгач алар биздин тамырыбызды тартып көрөт, реакция кандай боло турганын сынашат, жыйынтык болбосо кийинки кадамдарга өтүп башташат. Ошондуктан бул маселеге маани бербесек болбойт. Болгондо дагы ал эң чоң ондукка кирген киши, анын генерал деген чини бар. Андыктан биз токтоосуз түрдө анын кызматынан алынышын талап кылабыз. Керек болсо генерал кыргыз элинен кечирим сурасын. Бул кечиримсиз, провокациялык кадам болду. Бул кадамды жоопсуз калтырууга болбойт", - деди Талиева.
Тажик генералына Кыргыз тараптын жообу: “Баткен Тажиктики болгон эмес, болбойт дагы“



1 |