super.kg logo

"Көчөдөн каргалар менен күзөтчүлөрдү гана көрөсүң". Кытай жараны коронавирус жашоо турмушту кандай өзгөрткөнүн айтты (видео)

 
Кытай жараны дүкөндөрдө азык-түлүктөр тартыш болуп жатканын айтат

SUPER.KG порталы кытайлык жаран менен байланышып, күн санап жайылып жаткан коронавируска байланыштуу андагы жашоо шарт жөнүндө суроо салды. Ал коронавирус чыккан Ухан шаарынан 600 чакырым аралыкта жашайт.

"Анткен менен биз жашаган аймакта да коронавирустун алдын алуу боюнча катаал эрежелер сакталууда. Бизге өтө эле кыйын болуп жатат. 10-февралдан баштап үйдөн чыкпаш керек деген талап коюлду. Ошол күнү айрым үй-бүлөлөрдүн кээ бир мүчөлөрү конокко же жумуштап башка аймакка кеткен да. Алар ошол бойдон башка үйдө калышты. Мисалы, биздин короодо, үйдүн алдында күзөт кызматкерлери менен аймак башчыларынын өкүлдөрү турат. Ким сыртка чыкса, кайра үйгө кайтарышат. Адамга дары-дармек керек болуп калат экен, мындай учурда полиция "эмне дары экенин жазып бер, алып келип беребиз" дешет. Короодо чакан дүкөн иштеп жатат, азык-түлүк өтө тартыш, бар нерсени гана алып, жеп жатабыз. Ачка да калган учурлар болууда. Сыртка дүкөнгө чыкканга да эрежелер киргизилген, аз убакыт ичинде көпкө кармалбастан соода кылып дароо үйдүн ичине кириш керек. Мындайда өз үйүң өзүңө түрмө сыяктуу сезилет экен. Кээ бир башка эле оору менен ооругандардын абалы начарлап кетип жатат. Терезеден сыртты карап отурабыз, көчөдөн каргалар менен күзөтчүлөр гана көрүнөт. Мунун баары, албетте, ооруга чалдыгып калышпасын деген жакшы ниет менен жасалып жатат. Болгону коронавирустун дагы бир кесепети тууралуу сүрөттөп бердим", - деди ал өзүнүн аты-жөнүн жарыялоодон баш тартып, ошондой эле бүгүнкүгө деп дүкөндөн алган азыгынын сүрөтүн жөнөтүп, азык-түлүктүн тартыштыгын белгилеген.

Мындан тышкары интернетке "Кытайда тыюу салынганга карабай көчөгө чыккандар, маска такпагандар полиция бөлүмүнө жеткирилүүдө" деген видео тараган. Кытай жараны мындай тыюу, эрежелерди сактабагандарды полиция бөлүмүнө жеткирип жатышканын, айрымдары 15 күнгө чейин камакка алынып жатат деген кептер бар экенин билдирди.






Кытайдагы жашоо турмушту таптакыр өзгөрткөн коронавирус: каза болгондор - 2126

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.02.2020. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Эмнеге ушул ооруга да динди кошуп ийебиз, же мусулмандарга оору жукпайт деп гарантия бар бекен? Менимче диндин тийешеси жок болсо керек. Табалабасаңыздар, баарыбыз тең бир пендебиз, окшош (((
20.02.2020. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Aikaaaa,бардык жакшылык ,жамандык нерселер Алладан .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: