super.kg logo

Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун ишин карайт, журналисттер сот залына киргизилбейт

 

2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуяга тиешеси бар делинип өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши Жогорку Сотто каралуу алдында турат. Учурда аталган мекемеге укук коргоочулар, журналисттер, Аскаровдун жакындары, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келишти. Жогорку Соттун кызматкерлери алдын ала түзүлгөн тизменин негизинде имаратка киргизүүдө. Бирок көпчүлүк ачык сотто мындай болбошу керек деп нааразы. Алдын ала түзүлгөн тизме менен киргизилген журналисттер деле отурум өткөн залга киргизилбей турганы белгилүү болду. Алар залга коюлган чакан экран аркылуу отурумду чагылдырышат.

Буга чейин Аскаров “Базар-Коргондо 2010-жылдагы массалык баш аламандыкты уюштурган” деген беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 30-июлунда Чүй облустук сотунда жаңы ачылган жагдайлар боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин кайра карап, мурунку өкүмдү күчүндө калтырган.

2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыны тастыктаган. Аталган комитет кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.

Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган.

Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.






Азимжан Аскаровдун аялы: "Соттордун жүзүн карап алып жакшы чечимден үмүт кыла берем"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.02.2020. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул киши өлтүргүч мыкаачыны ким коргойт эмнеге коргойт түшүнбөйм.
25.02.2020. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
НПОлордун максаты ушундай жанкечтилерди коргоо болсо анда аларга биздин олкодо орун жок. Какшап журуп, БУУга чыгарып журуп сотто каратып жатат. Аскаров эн оор адам олтуруу башаламандык, улуттар аралык кастык козутканы учун айыпталып жатат.
25.02.2020. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундан коро С.Жапаровдун ишин карабайсынарбы акмактар каяктагы бир канкорду актагандын ордуна
25.02.2020. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атып эле салбайсынарбы ушунун айынан канчалаган эл кырылды
SUPER.KG видео
28.02.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 айлык омуру калыптыр деп качырып жибергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: