super.kg logo

Азимжан Аскаровдун аялы: "Соттордун жүзүн карап алып жакшы чечимден үмүт кыла берем"

 
Азимжан Аскаров

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Сот жаңы жагдайлар боюнча өлкөнүн түштүгүндөгү кандуу окуяга тиешеси бар делип өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишин кайра карамак. Соттук процесс башталганда Мамлекеттик айыптоочулар кассациялык арыз менен тааныш эмес экендигин билдиришкен. Сот Аскаровдун жактоочусу буга чейинки соттук чечимди жокко чыгаруу боюнча арыз бардык тараптарга, анын ичинен прокуратурага да жөнөтүлүшү керектигин белгиледи. Кеңешме залынан чыккандан кийин соттук коллегия отурумду 6-апрелге жылдыруу чечимин кабыл алганын айтты.

Сот отурумунан чыккан Кадича Аскарова (ред. Азимжан Аскаровдун аялы) соттор күйөөмдү бошотуу чечимин кабыл алат деген үмүтү бар экенин айтты.

"Мен сот отурумуна атайын Базар-Коргондон келдим. Бирок отурум жылып кетти. Мен сот отурумуна катышып, соттордун жүзүн карап алып күйөөмдү эркиндикке чыгаруу чечимин кабыл алышат деген жакшылыктан үмүт кыла берем. Азимжан Аскаров деле 68 жашка чыкты, ден соолугу да жакшы эмес", - деди ал.

Аскаровдун жактоочусу Валерьян Вахитов соттук коллегия формалдуулук үчүн эле отурумду жылдырды деген пикирде. Айтымында, ал жазган кассациялык арыз 10-15 барак чыгат. Эми аны соттун айтымы боюнча тараптардын баарына жөнөтөт.

"Мен аракетибизден жакшы чечим чыгат деп ишенип турам. Ишенбесем бул кадамдарды жасамак эмесмин", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин Аскаров “Базар-Коргондо 2010-жылдагы массалык баш аламандыкты уюштурган” деген беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 30-июлунда Чүй облустук сотунда жаңы ачылган жагдайлар боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин кайра карап, мурунку өкүмдү күчүндө калтырган.

2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыны тастыктаган. Аталган комитет кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.

Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган.

Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.






Азимжан Аскаровдун аялы: "Соттордун жүзүн карап алып жакшы чечимден үмүт кыла берем"

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
25.02.2020. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Күйөө адамдарды өлтүрбөгөндө мындай абалда калбайт эле.
25.02.2020. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ошту өзүнчө өлкө мамлекет кылам деп кыргын салган да мунун аягы жаман менен бүтөрүн эмнеге ойлогон эмес жыйынтыгында 400 гө жакын адам каза болду акмактар
25.02.2020. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
chake,туура айтасын
26.02.2020. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
chake, Ушу карыган эле абышка экен аран жан, мындай карагнда. Чындап эле ошондой уюштурганбы дайыма эле угам сотолуп атат Абдрасуловалар жактап атат деп бирок кызыгып окубапмын эмне куноосу бар деги .
25.02.2020. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кысып журуш керек эле убагында. Омурунун аягына чейин отурсун.
25.02.2020. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнеге акташ керек,соттор бул кишини.Куноосу болсо толугу менен жазасын алсын.
25.02.2020. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жагын точно озбекче тактика кылыптыр ээ
26.02.2020. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озбекпи?
27.02.2020. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жазасын алсын! Чыгарбасын! Ушул акмактардын айынан канчалаган балдар жетим калды... Колу менен кылганды моюну менен тартсын!
SUPER.KG видео
28.02.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 айлык омуру калыптыр деп качырып жибергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: