super.kg logo

"Буюрса ушинтип оңолобуз" деп бир нече жолу кайталанган феминисттердин акциясы. Анын жүрүшүнө асмандан көз чаптырганда

 

Бүгүн, 10-мартта Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында феминисттик кыймылдын өкүлдөрү жана аларды колдогон активисттер тарабынан акция болуп өттү. Иш-чара саат 12:00гө белгиленген. Бул учурга анын катышуучулары, журналисттер, тартип сакчылары жана акциянын жүрүшүнө каршы көз караштагылар келишти.

Иш-чаранын жүрүшүндө эч кимге сөз берилген жок, анын модераторлору акциянын максаты жана талаптарын окуп беришти. Модераторлор билдиргендей, бүгүн адам укуктарын колдоо, аялдардын зордук-зомбулукка кабылышына каршы ойду билдиргендер келишкен. "Токтоткула", "Аялдарды кыйноого жол жок", "Милиция кол салбайт, коргойт" деген жана башка лозунгдар жазылган акциянын модераторлору "Буюрса ушинтип оңолобуз" деп улам-улам кайталап жатышты. Алар муну 8-марттагы болбой калган жүрүштөгү милициянын аракети менен байланыштырышты.

"Ал күнү милиция тараптан ката кеткен болчу. Бүгүн алар акциянын тынч өтүшүн камсыздап жатат. Буюрса оңолобуз", - деди уюштуруучу Атай Самыйбек. Ошол эле учурда ага келген айрым жарандар бүгүнкү акциянын катышуучулары аял укуктары деген шылтоону бетке кармап, кыргыздагы баалуулуктарды жок кылууну көздөп жатышат деп сындашты. "Кырк чоро" бирикмесинен келген Кубанычбек Дүйшеев аттуу жаран бүгүн чектен ашкан чакырыктар жазылган плакаттар болсо өзүм барып ошол аялдардын колунан тартып алмакмын, бул аракеттери туура эмес деген оюн айтты.

Ача пикирлердин коштоосунда өткөн акциянын бийиктиктен көрүнүшүн SUPER.KG сүрөткө тартты.






Кайчы пикирлер айтылган феминисттердин акциясынын бийиктиктен тартылышы

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
10.03.2020. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынтип жоголосуңар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: