super.kg logo

Улуттук банк: "53 миллион 700 миң доллар сатылды, ички валюта базарында абал туруктуу"

 

Кечээ, 10-мартта саат 17:00гө карата Бишкек шаарында доллардын баасы кескин кымбаттап кеткен. Борбор калаадагы акча алмаштыруучу жайларда жана банктарда доллар заматта 3 сомго көтөрүлгөн.

Буга байланыштуу Улуттук банк 10-мартта валюталык интервенция жасап, 53 миллион 700 миң АКШ долларын (анын 4 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. Бул акыркы 10 жыл ичиндеги рекорддук сумма болуп саналат. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.

"Учурда өлкөнүн ички валюта базарында абал туруктуу. Эл аралык резервдин көлөмү жогорку деңгээлде жетиштүү жана товардын импортунун алдыдагы беш айлык ордун жабат. Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69 сом 85 тыйын бойдон турат".

Улуттук банк 2020-жылдын башынан бери 140 миллион 200 миң долларды 4 ирет интервенция кылган.

Соңку 3 жылда доллардын сомго карата курсу дээрлик туруктуу 69-70 сомдун тегерегинде сакталып келген. Доллардын сомго карата курсунун эң жогорку чеги 2015-жылдын 25-ноябрында 78-80 сомго чейин жеткен. Бирок бул баа бир күнгө эле кармалып, эртеси Улуттук банк интервенция жүргүзүү аркылуу доллардын баасы ылдыйлаган эле.

Валюталык интервенция - кайсы бир өлкөнүн Борбордук, Улуттук банкы же Каржы министрлиги жүргүзүүчү операция. Бул операция улуттук валютанын тышкы баасын жөнгө салуу, кескин өзгөрүп кетүүсүн токтотуп калуу үчүн ишке ашырылат. Анда бир убакта же чектелген мөөнөттүн ичинде ири көлөмдөгү валюта сатылып же сатып алынат.






Өлкөдө доллар дээрлик 4 сомго кымбаттады

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: